Иранда сел жүрүп 26 киши каза тапты

Ирандын түштүк- чыгышында 22 -марттан бери катуу жамгыр жаап,селдин жүрүшү менен дыйканчылык аянтары жана инфраструктура да чоң зыян тартты.

1394566
Иранда сел жүрүп 26 киши каза тапты

Ирандын түштүк аймактарында катуу жааган жамгыр жол ачкан селде каза болгондордун саны 26га жогорулады.

Тез жардам агенттигинин катчысы Мүжтеба Халиди Ирандык студенттер маалымат агенттигине берген маалыматында : «22 -  марттан бери өлкөдө болгон сел апаатында 26 киши каза болду»,- деп билдирди.

Катчы Халиди акыркы 24 саттын ичинде Йезд аймагында болгон селде бир кишинин каза болгондугун, бир кишинин жоголгондугун жана бир кишинин жаралангандыгын белгиледи.

Ирандын түштүк- чыгышында 22 -марттан бери катуу жамгыр жаап,селдин жүрүшү менен дыйканчылык аянтары жана инфраструктура да чоң зыян тартты.



Тектеш кабарлар