Чыгышта коронавирустун жайылышы

Жалпы дүйнөдө каза болгон киши саны 87миңден, вирус жугузган киши саны 1 миллион 521ге, айыккан киши саны 330 000ден ашты.

1394544
Чыгышта коронавирустун жайылышы

Жаңы тип коронавирустан жалпы дүйнөдө каза болгон киши саны 87миңден, вирус жугузган киши саны 1 миллион 521ге, айыккан киши саны 330 000ден ашты.

Кытайда 24 саттын ичинде коронавирустан 2 киши каза болуп, эпидемиянын башталышынан бери вирустан каза болгон киши саны 3335ке, бейтап саны 81865ке жеткен болсо, вирус жуккан 77370 киши да айыкты.

Иранда вирустан 3993 киши каза болуп, вирус жугузган киши саны 64586га жетти. Ирандын Эльбурс аймагында коронавирустан дарыланып жаткан 100 жаштагы бир бейтап айыгып ооруканадан чыкты.

Түштүк Кореяда болсо каза болгондордун саны 204, вирус жугузгандардын саны да 10423кө жетти. Акыркы 24 сааттын ичинде 39 кишиде вирус аныкталды.

Израилде коронавирустан каза болгондордун саны 73кө жетти. Саламаттык сактоо министрлиги андан мурда Ковид- 19вирусуна чалдыккан киши санын 9404кө жогорулагандыгын билдирип 801 кишинин айыккандыгын жарыялаган.

Малайзияда жаңы тип коронавирустан 65 киши каза болуп, вируска чалдыккан киши саны 4000ден ашты.

Сауд Арабияда Сауд Арабия Королдугунун 150 мүчөсүндө коронавирус аныкталды. Алардын ичинде Рияд губернатору Файсал бин Бандар бин Абдулазиз Сауд да бар.

Египетте коронавирустан каза болгондор 103кө, Мароккодо 93кө, Алжирде 205ке, Иракта 69га жогорулады.

Сомалиде жаңы тип коронавирустан биринчи жолу бир киши каза болду.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун Африка маалыматтарына караганда жалпы материкте 10420 киши вирус жугузуп, 517 киши каза тапкан.

Либерияда эпидемия менен күрөшүүнүн негизинде өзгөчө кырдаал жарыяланды.



Тектеш кабарлар