Дүйнөдө коронавирус

Дүйнөдө коронавирустан каза тапкандардын саны 70 миңге жакындады.

1391809
Дүйнөдө коронавирус

Дүйнөнүн жалпысында жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) себебинен каза болгондордун саны 70 миңге чукулдап, жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 250 меңден ашты.

Италияда Ковид-19 пандемиясынан каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 525ке көбөйүп 15 миң 887 болду. Бул сан 19-марттан кийин катталган эң төмөн күнүмдүк өлүм саны болсо, жуктуруп алгандардын саны 91 миң 246га жетти.

Эң көп өлүм катталган төртүнчү өлкө абалындагы Францияда Ковид-19дун айынан көз жумгандардын саны 8 миң 78ге жогорулады. Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда жаңы типтеги коронавирус аныкталган киши саны акыркы 24 саатта 1873кө көбөйүп 70 миң 478ге жетсе, карылар үйүндө 22 миң 361 кишинин Ковид-19га чалдыгышы менен өлкөдө вирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны 92 миң 839 болду.

Нидерландияда жаңы типтеги коронавирус пандемиясынан каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 115ке көбөйүп жалпы 1 миң 766га, ооруга чалдыккандардын саны болсо 1 миң 224кө көбөйүп 17 миң 851ге жетти.

Германияда коронавирустун себебинен көз жумгандардын саны 1 миң 500дөн ашты. Ковид-19ду жуктуруп алгандардын саны болсо акыркы 24 саатта 6 миң 603 киши көбөйүп 98 миң 765ке жогорулады. Өлкөдө ооруканалардагы орундук санын эки эсе көбөйтүүгө чечим чыгарылды.

4 миң 934 адам каза болуп, 47 миң 806 киши вирусту жуктурган Англияда Ковид-19га чалдыккан Борис Жонсон алдын алуу максатында ооруканага жаткарылды.

Румынияда Ковид-19дан каза тапкандардын саны 148ге, ооруга чалдыккандардын саны 3 миң 864кө жетти.

70 адам көз жумган Грецияда вирусту жуктуруп алгандардын саны 1 миң 673 деп катталды.

Сербияда каза тапкандардын саны 51ге жогорулап, ооруга чалдыккандардын саны акыркы 24 саатта 284 киши көбөйүп 1908ге жетти.

Пандемиянын айынан 28 адам каза болгон Словенияда вирусту жуктуруп алгандардын саны 997ге жетти. Өлкөдө 156 медицина кызматкеринде Ковид-19 аныкталды, 79 киши айыгып чыкты.

15 адам көз жумган Хорватияда болсо 182 кишиде вирус аныкталды. Алардын бирөө 4 айлык наристе.

Босния-Герцоговинада 21 адам каза болуп, 651 кишиде вирус аныкталды.  

Болгарияда каза тапкандардын саны 18ге, ооруну жуктуруп алгандардын саны 522ге жетти.

Түндүк Македонияда 18 адам каза болуп, 555 кишиде вирус аныкталды. 23 адам айыкты.



Тектеш кабарлар