Коронавирустун себебинен дүйнөдөгү өлкөлөр кошумча чараларды көрүүдө...

Дүйнөнүн жалпысында жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) себебинен каза болгондордун саны 64 миңге чукулдап, жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 200 меңден ашты.

1391432
Коронавирустун себебинен дүйнөдөгү өлкөлөр кошумча чараларды көрүүдө...

Дүйнөнүн жалпысында жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) себебинен каза болгондордун саны 64 миңге чукулдап, жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 200 меңден ашты. Ал эми айыгып чыккандардын саны 245 миңге жетти.

Италияда Ковид-19 пандемиясынан каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 681ге көбөйүп 15 миң 362ге жогорулады. Каза болгондордун 80нин доктурлар түзгөн өлкөдө илдетти жуктуруп алган  88 миң 274 киши бар.

Францияда болсо каза тапкандардын саны 7560 болду. Булардан 13нүн деңиздин ары жагындагы жерлерде катталганы белгиленген өлкөдө жуктуруп алгандардын саны 70 миңге чукулдап калды.

Каза болгондордун саны 12 миңге жакындаган Испанияда (Ковид-19) пандемиясы менен күрөшүүнүн алкагында 14-марттан бери жалпы өлкөдө ишке ашырлган өзгөчө кырдаалды экинчи ирет узартууга даярданууда.

7 миңден ашык адам каза тапкан АКШнын Нью-Йорк шаарында абал күн өткөн сайын оорлошуп баратат. Кытай, акыркы 24 саатта 630 киши Ковид-19дун себебинен каза болгон штатка миң даана дем алдыруучу аппарат кайрымдуулук кылды. АКШнын президенти Дональд Трамп, пандемиянын өлкөдөгү тассирин бир топко дагы тыгыз сездире турганын белгилеп, «Эң татаал бөлүмү ушул аптада жана келээрки аптада болот. Тилекке каршы бир топ өлүм болот»,-деди.

Австралияда дагы 4 киши каза болушу менен бирге пандемиянын айынан каза тапкандардын саны 34кө жогорулады. Өлкөдө вируска кабылгандардын саны 5 миң 666ге жетип, 701 кишинин да айыгып чыкканы маалымдалды.

Жаңы Зеландияда вирустун себебинен 1 киши каза таап, жуктуруп алгандардын саны 1039га жогорулады. 156 кишинин айыкканы жарыяланды. 25-марттан бери мажбур шарттардын тышында көчөгө чыгууга тыюу салынган өлкөдө премьер-министр Жасинда Ардерн, Ковид-19га каршы көрүлгөн чараларга баш ийбеген айрым кишилер болгонун белгилеп, «Буларды эң сылык сөз менен айтканда «келесоо» деп мүнөздөй алам»,-деди.

Бразилиряда Ковид-19дун себебинен акыркы 24 саатта 72 киши каза табышы менен Ковид-19дун себебинен каза болгондордун саны 432ге, жуктуруп алгандардын саны 10 миң 278ге жогорулады.

 



Тектеш кабарлар