Чыгыш жана Евразия өлкөлөрү коронавируска каршы чара көрүүлөрүн күчөтүүдө...

Иранда акыркы 24 саатта коронавирустун себебинен каза тапкандардын саны 151ге көбөйүп 3603 болду.

1391519
Чыгыш жана Евразия өлкөлөрү коронавируска каршы чара көрүүлөрүн күчөтүүдө...

Дүйнөнүн жалпысында жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) себебинен каза болгондордун саны 64 миңге чукулдап, жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 200 меңден ашты. Ал эми айыгып чыккандардын саны 246 миңден ашты.

95 киши каза болгон Жапонияда жуктуруп алгандардын саны 4209га жогорулады.

Иранда акыркы 24 саатта коронавирустун себебинен каза тапкандардын саны 151ге көбөйүп 3603 болду.

Орусияда Ковид-19дун себебинен каза тапкандардын саны 45, жуктуруп алган киши саны 5267ге жетти.

Айрым Евразия өлкөлөрүндө каза болгондор жана жуктуруп алгандар мындай;

Укаринада 32/1251, Молдовада 14/752, Грузияда 2/170, Казакстанда 5/551, Кыргызстанда 1/147, Арменияда 7/822. Каза болгон учур каттала элек Өзбекстанда жуктуруп алгандардын саны 298.

Жаңы типтеги коронавирустан 40 киши каза тапкан Пакистанда 3 миңдей жуктуруп алган киши аныкталды.

Мароккодо каза тапкандар 58, жуктуруп алгандардын саны 883 деп жарыяланса, Алжирде 25/130, Ливанда 17/520, Тунисте 19/553.

Израилдин басып алуусу астындагы Батыш Шериа менен курчоо астындагы Газа тилкесинде жуктуруп алгандардын саны 217ге жетти. Исламий Жихад кыймылы эл аралык оомчулуктун коронавирус болгон чөйрөдө Израилдин абактарында камакта турган палестиндердин абалына кайрылбай жатышын сынга алды. Расмий көрсөткүчтөргө караганда Израилдин абактарында 43 аял,  180 бала жана 700 оорукчан болуп бардыгы 5 миңдей палестиналык бар.

Израилде болсо Ковид-19дун себебинен каза тапкандардын саны 46га, жуктуруп алгандардын саны 8 миң 18ге жетти. Бейтаптардан 127синин абалы оор экендиги белгиленди.

Түндүк Кипр Түрк Республикасында (ТКТР) 22-мартта киргизилген көчөгө чыгууну чектөө бүгүн түнү соңуна чыгат. Жаңы көрүлгөн чараларга караганда 6-апрелде жергиликтүү убакыт боюнча саат 00:00дөн тарта 10-апрелге чейин райондордун ортосунда өтүүгө тыюу салынат деген чектелген тыюу салуу жарыяланды.

Оманда 72 жаштагы бир эркек атуулдун Ковид-19дун себебинен каза табышы менен 2 учур катталды.

Йеменде хусилер пандемиянын жайылуу ыктымалына карата кармап турушкан 1600 кишини эркин кое берди.

Ковид-19дун себебинен каза тапкандардын саны Египетте 71ге, Иракта 56га жогорулады.

Алжир башкаруучулугу Ковид-19 пандемиясынын себебинен көчөгө чыгууга тыюу салуу чечиминин жалпы өлкөдө эки апта бою ишке ашырылышна чечим чыгарды. Мындан мурда 10 облуста жарыяланган түнкүсүн көчөгө чыгууга тыюу салуунун, 5-апрелден баштап 19-апрелге дейре 48 провинциянын жалпысында ишке ашырылышына чечим чыгарылды.

Малайзияда каза болгондор 61, жуктуруп алгандар 3662ге жогорулады.



Тектеш кабарлар