БУУ катчысы Антонио Гутерреш эскертти

БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш: «Террорист жана радикал топтор пандемиядан пайдаланышы мүмкүн»,- деди.

1391082
БУУ катчысы Антонио Гутерреш эскертти

БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш жаңы тип коронавирус эпидемиясы жараткан белгисиздиктерге карата эскертүү берип : «Террорист жана радикал топтор пандемиядан пайдаланышы мүмкүн»,- деди.

Гутерреш видеоконференция  аркылуу өткөргөн пресс жыйынында эпидемиядан улам глобалдык ок атышпоо чакыруусун кайталады.

Сирия, Йемен, Ливия, Мьянма, Украина, Судан, Камерун сыяктуу согуш болгон аймактардан ок атышпоо убадасы келсе да  убадалардын ишке ашпагандыгына көңүлдөрдү бурган Гутерреш дүйнөдөгү бир гана  орток душман Ковид  - 19га каршы күрөшүү керектигин баса белгиледи.

Коронавирус эпидемиясы жараткан белгисиздиктерге карата да эскерткен Гутерреш : «Террорист жана радикал топтор пандемияны пайдаланышы мүмкүн»,- деди.

Эпидемиянын эл аралык тынчтык жана коопсуздук менен бирге тамак – аш коопсуздугун да коркунучка салгандыгын эскерткен башкы катчы Гутерреш : «Тамак  - аш, дары – дармек жана башка медициналык каражаттар боюнча жардамдашуу улантылышы керек. Өзгөчө да эң жакыр жана коргоосуз аймактар үчүн»,- деди.

Гутерреш : «Азырынча эң жаманы келе элек жана жер шары муктаж болгон биримдик менен тынчтык үчүн Ковид  - 19га каршы колубуздан келген бардык нерсени аткаруубуз керек»,- деди.

 



Тектеш кабарлар