ЕБнин калкынын санынын 20,3 пайызын 65 жаш жана андан жогорку курактагылар түзөт
Коронавирус пандемиясы кайсы курактагылар үчүн коркунучтуу?

Европа Биримдигинин калкынын санынын 20,3 пайызы 65 жаш жана андан жогорку курактагы адамдардан турат.
Европа Биримдигинин статистика агенттиги, жаңы коронавирус пандемиясынын себебинен дагы рисктүү болгон 65 жаш жана андан жогорку курактагыларга байланыштуу көрсөткүчтөрдү жарыялады.
Буга караганда 2019-жылы Европа Биримдигинин жалпысында бул катыштын мурунку жылга салыштырмалуу 0,3 пайыз, 10 жыл мурункуга салыштырмалуу 2,9 пайыз көбөйгөндүгү маалымдалды.
Европада улгайган адамдардын көптүгү жагынан 22,8 пайыз менен Италия биринчи орунда, андан кийин Греция (22 пайыз), Португалия жана Финляндия (21,8 пайыз), Германия (21,5) жана Болгария (14,4) турат.
Тектеш кабарлар

Украинадан Крым чакыруусу
Украина эл аралык коомчулукту Россияга саясий кысым жана санкцияларын арттырууга чакырды.