БУУ COVID-19 пандемиясынын социо-экономикалык таасирлери тууралуу отчет жарыялады

БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш, COVID-19дун себебинен дүйнөнүн 2-Дүйнөлүк согуштан бери эң татаал кризиске туш болгонун айтты.

1389067
БУУ COVID-19 пандемиясынын социо-экономикалык таасирлери тууралуу отчет жарыялады

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антонио Гутерриш, COVID-19дун себебинен дүйнөнүн 2-Дүйнөлүк согуштан бери эң татаал кризиске туш болгонун айтты.

Баш катчы Антонио Гутерриш, жаңы типтеги корнавирус (COVID-19) пандемиясынын социо-экономикалык таасирлери тууралуу отчет жарыялады.

Пандемиянын бүткүл дүйнөнү коркунучка салган жана мурдагыларга окшобогон экономикалык кризиске себеп боло турганын белгилеген Гутерриш: «2-Дүйнөлүк согуштан бери туш болгон эң татаал кризис»,-деди.

Гутерриш, бул кризис бир гана «саясий оюндар» ташталып колдошуу жолу менен ашылып өтүлө турганына көңүл бурду.

«БУУ, төмөн жана орто кирешелүү өлкөлөрдүн пандемия жана анын себебинен болгон социо-экономикалык чайпалуулар менен күрөшүүсүнө колдоо көрсөтүш үчүн көп өнөктөштүү жаңы фонд түзүүдө»,-деп айтты.

Баш катчы Гутерриш, пандемиянын өзгөчө Африка материгиндеги таасирлеринен шек санагандарын белгилеп, Чоң жыйырмалыкка мүчө өлкөлөрдү Африкага жардам берүү чакырыгын салды.

Гутерриш жарыялаган отчетко караганда Эл аралык Эмгек Уюму, пандемиянын себебинен 5-25 миллион кишинин жумушунан ажырай турганын жана 860 миллиарддан 3,4 триллион долларга чейин  киреше жогото турганы божомолдонууда.

Отчетто айрыкча дүйнөдөгү элет жерлердеги калктын 50 пайызынын шаардагы калктын болсо 20 пайызынын саламаттык сактоо камсыздандыруусу болбогонуна, өнүгүп бара жаткан өлкөлөрдүн өлкө ичи дүң продукциясынын орто эсеп менен 2 пайызын саламаттык сактоого бөлгөнүнө, глобалдык орто эсептин болсо 4,7 пайыз болгонуна көңүл бурулган.

Билим берүү тармагында болсо жугуштуу оорунун себебинен 166 өлкөдө мектептердин жабылганын жана 1,52 миллиард окуучу менен 60,2 миллион мугалимдин окуу жылына тыныгуу берилгени маалымдалган.



Тектеш кабарлар