Коронавирустан жалпы дүйнөдө 35000 киши каза тапты

Иранда коронавирустан 2700дөн ашуун киши каза болуп,  эпидемиянын эң аз 2 ай дагы олуттуу деңгээлде болору күтүлүүдө.

1388212
Коронавирустан жалпы дүйнөдө 35000 киши каза тапты

 Ковид  -19 вирусунан жалпы дүйнөдө 38748 киши каза болуп, 800 000 киши вирус жугузду. 

Кытайда болсо 81518 киши катталды.

Түндүк Кипр Түрк Республикасында бүгүндөн тарта 21.00 – 06.00 саттардын арасында көчөгө чыгууга тыюу салуу чечими чыгарылды. Бир немис турист вирус жугузуп жана каза болгон Түндүк Кипр Түрк Республикасында вирус жугузган киши саны 69га жогорулады.

Иранда коронавирустан 2700дөн ашуун киши каза болуп,  эпидемиянын эң аз 2 ай дагы олуттуу деңгээлде болору күтүлүүдө. Президенттиктин Илим, технология жана маалымат экономикасын өнүктүрүү кеңешинин катчысы Первез Керими социалдык медиа эсебинен Коронаны алдына алуу жана күрөшүү борборунун жаңы типтеги коронавирус эпидемиясы тууралуу 5 башка сценарийди камтыган отчетун бөлүштү. Буга караганда эпидемиянын июнь айынын башына чейин жогорку деңгээлде болору күтүлүүдө. Бир тараптан Мешхед шаарында жаңы төрөлгөн бөбөккө Ковид  - 19 диагнозу коюлду. Иранда 44605 бейтап каталды. 

Россияда вирустан 18 киши каза болуп, бейтап саны 1 күндө 500гө көбөйүп, жалпы 2337ге жогорулады. Бейтап санынын ылдам түрдө көбөйүшү менен даярдалган мыйзам боюнча  Ковид  - 19 чараларынын бузулушу "террордук кыймыл" деп саналат. Мыйзам боюнча көп сандаган кишиге вирустун жугузуга себеп боло турган кишилерге 12300 долларга чейин акчалай же 3 жылга чейин абак жазасы берилет. Вирустан бир кишинин өлүмүнө себеп болгондор 24600 долларга чейин акчалай же 5 жылга чейин абак жазасына, эки же дагы көп кишинин өлүмүнө себеп болгондорго 7 жылга чейин абак жазасы бериле алат.

Азербайжанда жаңы типтеги коронавируска каршы көчөгө чыгууга тыюу салынды. 4 киши каза болуп, 273 вирус жугузган өлкөдө саламаттык, инфраструктура, транспорт жана логистикалык, тамак  - аш өндүрүү, нефть жана жаратылыш газ, банктык сектор сыяктуу бир топ сектор тыюу салуунун тышында. Журналисттер да тышта иштерин жүргүзө алышат.

Басып алынган жана блокада астыдагы Палестинада Ковид  - 19 жугузган киши саны 116га жогорулады. Алардын ичинен 10 киши Газа тилкесинен. Газанын жаңы типтеги коронавирус менен күрөшүндө Түркиянын ал жерде турган Газа, Палестина  - Түркия достук ооруканасы үмүт болот. Түркия, Түркия Кызматташуу жана Координация агенттинин төрагалыгынан берилген маалыматка караганда мекеме тарабынан  курулган, Палестинанын эң чоң саламаттык сактоо борбору Газа, Палестина – Түркия достук ооруканасы президент Р. Т. Эрдогандын жолдомосунун негизинде коронавирус эпидемиясы менен күрөшүүнүн негизинде палестиналык жетекчилерге өткөрүлүп берилди.

Иракта жаңы типтеги коронавирустан каза болгондордун саны 46га, жугузгандардын саны 630га жогорулады. 152 киши дарыланып, ооруканадан чыкты.

Израилдин премьер  - министри Беньямин Нетаньяху кеңешчилеринин бирөөсүнүн Ковид  - 19 тести позитив чыккандыктан карантинге кирүү чечимин чыгарды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматтарына караганда өлкөдө Ковид  - 19дан 18 киши каза болуп, жугузган киши саны 4831ге жогорулады.

Иракта жаңы типтеги коронавирустан каза болгондордун саны 46га чыгып, вирус жугузган киши саны 630га жетти. Дарыланып жаткан 152 киши айыгып ооруканадан чыкты.

Алжирде жаңы типтеги коронавирустан каза болгондордун саны 35ке, Мароккодо 33кө, Иорданияда 5ке жогорулады. Мароккодо бейтап саны 574 жеткен болсо Ливанда  вирустан 12 киши каза таап, жугузган киши саны 463кө жетти. 

Тунисте вирустан каза болгондордун саны 10го, жугузган киши саны 362ге жогорулады.

Мьянмада Ковид  - 19дан биринчи жолу бир киши каза тапты. Афганстанда вирус жугузган киши саны 174кө жетти.

Түштүк Африка өлкөлөрүнөн Ботсванада биринчи вирус бейтаптары аныкталды. Британия жана Таиланддан борбор шаары Габоронеге барган 3 кишиде вирус аныкталды. Өлкөдө Ковид  - 19га каршы көрүлгөн чаралардын негизинде 3 жума өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул убакытын ичинде иш чараларга тыюу салынып, кишилердин үйлөрүндө болуулары эскертилди. 

Чыгыш Африка өлкөсү Танзанияда болсо жаңы типтеги коронавирустан бир киши каза болуп, 29 кишиге коронавирус диагнозу коюлду. 

Африка материгинде Ковид  - 19 бейтап саны 5 000ге жетип, 150дөн ашуун киши каза болду. 

Малайзияда болсо 37 кишинин каза болгондугу, вирус жугузган киши саны 2626ге жеткендиги, 479 кишинин дарылангандыгы билдирилди. Малайзия королу Султан Абдуллах Шах жана жубайы эпидемия менен күрөшүү процессине колдоо берүү үчүн 6 айлык маяналарын албай тургандыгын билдиришти. 

Филиппиндерде болсо коронавирустан 88 киши көз жумган болсо, бейтап саны 2084кө жетти. 

 

 

 



Тектеш кабарлар