Коронавирустун Батыш өлкөлөрүндө жайылуусу токтой элек

Италияда коронавирустан көз жумгандардын саны акыркы 24 сааттын ичинде 683 киши көбөйүп жалпы 7 миң 503кө жетти.

1385214
Коронавирустун Батыш өлкөлөрүндө жайылуусу токтой элек

Жаңы типтеги коронавирустан каза тапкандардын саны дүйнөнүн жалпысында 21 миңге жакындады.

Италияда коронавирустан көз жумгандардын саны акыркы 24 сааттын ичинде 683 киши көбөйүп жалпы 7 миң 503кө жетти. Өлкөдө айыккандарды да кошкондо Ковид-19ду жуктуруп алгандардын саны 74 миң 386 болду. 21-февралдан бери Ковид-19дун себебинен каза тапкан дарыгерлердин саны 31ге жетти.

3 миң 434 адам менен эң көп өлүм катталган экинчи өлкө болгон Испания, НАТОго караштуу Европа-Атлантика кырсыктарга туруштук берүү борборунан медициналык жактан жардам сурады. Өлкөдө 47 миң 610 бейтаптын 5 миң 400үнүн медициналык кызматкер экендиги маалым.

Францияда Ковид-19дан каза тапкандардын саны акыркы 24 сааттын ичинде 231 киши көбөйүп 1 миң 331ге жетти.

Нидерландияда болсо жаңы типтеги коронавирустан каза тапкандардын саны 24 сааттын ичинде 80 киши көбөйүп 356га, вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 7 миңге жетти.

Англияда коронавирустун айынан көз жумгандардын саны 43 киши көбөйүп 465ке жетти. Вируска чалдыккандардын саны 1 миң 452 киши көбөйүп 9 миң 529га жеткен өлкөдө айыккандардын саны болсо 135ке жетти.

10 адам каза тапкан Венгрияда көз жумгандардан бирөөнүн Англиянын Будапешттеги элчисинин орун басары 37 жаштагы Стивен Дик экени билдирилди.

Жаңы типтеги коронавирустун себебинен АКШда болсо 802 адам каза тапты. Ооруга чалдыккандардын саны 55 миң 238 деп катталды.

Канадада вирустан каза тапкандардын саны 33кө, ооруну жуктуруп алгандардын саны болсо 3 миң 292ге жетти.

 



Тектеш кабарлар