Коронавирус ылдам жайылып, каза болгон киши саны 21 000ден ашты

Коронавирустан  каза болгондордун саны 2234кө, жалпы вирус жугузган киши саны 27017ге жогорулаган Иранда шаарлар аралык саякатка тыюу салынды.

1385516
Коронавирус ылдам жайылып, каза болгон киши саны 21 000ден ашты

Коронавирус ылдам жайылып каза болгон киши саны 21 000ден ашты.

Коронавирустан  каза болгондордун саны 2234кө, жалпы вирус жугузган киши саны 29406га жогорулаган Иранда шаарлар аралык саякатка тыюу салынды.

Азербайжанда коронавирус диагнозу менен дарыланып жаткан бир бейтап каза болду. Алты кишиде дагы вирустун аныкталышы менен өлкөдө дарыланып жаткан киши саны 81ге жетти.

Израилде вирус жугузган жалпы киши саны 2369га жогорулады. Премьер  - министри Биньямин Нетаньяху өлкөдө саламаттык сактоо ситемасынын кыйрамышан тынчсыздангандыгын айтты. Тыгыз саясаттарды жүргүзүүгө чакырган Нетаьяху Израиль калкынын өзүнө өзү дициплиналуу болушу керектигин, болбосо бир апааттын болушу мүмкүн экендиги боюнча эскертти.

Басып алынган Батыш Шериада 60 жаштагы бир кишинин каза болушу менен Палестинада коронавирустан биринчи жолу бир киши каза болду. Батыш Шериа жана Газа тилкесинде Ковид – 19 диагнозу коюлган киши саны 86га жогорулап, булардан 17 киши айыкты.

Россиянын президенти В. Путин Ковид  - 19 вирусунан улам 22 -  апрелдеги конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумдун кечеңдетилери, өзгөчө келерки жумада жарандардын административдик эс алуу болуп саналарын жарыялады. Путин орус иш дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен өткөргөн жыйында да коронавирусту  2 - 3  айдын ичинде жеңе алышарын айтты.Өлкөдө түнкү клуб, киное  - театр жана көңүл ачуу борборлору жабылды.

Украинада вирустан каза болгондордун саны 5ке, жугузган киши саны 145ке жетти.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков вирус жугузган 44 киши аныкталгандыгын билдирип, Эл аралык Акча Фонду ИМФтен финансылык жардам талап кылды.

Казакстанда коронавирустан биринчи жолу бир киши каза тапты. Бейтап саны 109га жеткендиги билдирилип, 65 жаштан жогору болгон депутаттар үйдөн иштөө системасына өттү. Бир тараптан Алматы шаарында ишке кирген жаңы карантин  эрежелеринин негизинде аптека, маркет жана ооруканалардын тышында бардык тейлөө секторлору  ишин токтотту. Кафе жана ресторандар 22:00гө чейин бир гана пакеттөө кызматын бере баштады. 

Өзбекстанда вирус жугузган киши саны 65ке жогорулап, кызмат кыла турган үч курама оорукананын да курулушу башталды. 

Грузияда болсо Ковид - 19 вирусу жуккан киши саны 77ге жогорулады. 

Арменияда 25 кишиден вирус табылып жалпы вирус жугузган киши саны 290гө чыкты. Саламаттык сактоо министрлигинен берилген маалыматта ушул күнгө чейин  18 кишинин айыккандыгы, 272 кишинин дарыланып жаткандыгы белгиленди. 

Сауд Арабияда вирус менен күрөшүүнүн негизинде Рияда, Мекке жана Мадина шаарларын кирип  - чыгууларга жабуу чечими чыгарылды.

 

Тунисте коронавирустан каза болгондордун саны 5ке жогорулап, Египетте вирус жугузган киши саны 456, Иракта 358ге, Ливанда 333кө жогорулады.

Индиянын Жамму Кашмир  аймагында да коронавирустан бирнчи жолу бир киши каза тапты. Аймакта Ковид  - 19 жуккан киши саны 11ге жогорулады. Жалпы Индияда каза болгондордун саны 9, вирус жугузган киши саны 470 болду.

Ковид  - 19дан 5 киши каза болгон жана 39 бейтап чыккан Бангладеште премьер  - министр Шейх Хасина эпидемиянын жайылышына тоскоол болуу үчүн баарынан үйлөрүндө отурууларын суранды. 

Эпидемиядан улам каза болгондордун саны 45ке жогорулаган Филиппиндерде аныкталган бейтап саны 707ге жогорулап, бул кишилерге бир сентор да кошулду.

Ушул кезге чейин Непалда 3 киши вирус жугузуп, көпчүлүгү Европа, Австралия жана Жаңы Зеландиядан болгон 160ка жакын туристтин тоолуу аймактарда калгандыгы билдирилди.

Япония Ковид  - 19 вирусу менен күрөшүүнүн негизинде азыркы учурда өзгөчө кырдаал жарыялоону пландабагандыгын жарыялады. Японияда «Diamond Princess» жүргүнчү кемесиндеги кишилер менен бирге 2 миң 25 киши бар. Өлкөдө 55 киши да вирустан каза болду.

Түштүк Кореяда вирустан 131 киши каза болуп жана жалпы каза болгон киши катнашынын 1, 42 пайыз экендиги белгиленди. 104 кишиде да вирус аныкталып, жалпы вирус жугузган киши саны 9241ге жогорулады. Биринчи бейтап чыккан 20 - январдан бери Ковид  - 19 ташыган 4144 бектаптын толугу менен айыккандыгы мунун бектаптардын 44, 8 пайызын түзгөндүгү белгиленди. 

Конго демократиялык республикасында президент Феликс  Тшисекеддин кеңешчилеринен Жан-Джозеф Мукенди ва Мулумбанын коронавирустан каза болгондугу билдирилди.

Африка өлкөсү Буркина Фасодо вирус жугузган киши саны 146га жетип, булардан 10 киши айыкты.

Угандада болсо 14 кишинин вирус жугузгандыгы аныкталып алардын ичинде 8 айлык бөбөктүн да бар экендиги билдирилди. Өлкөдө коомдук транспортко 14 күндүк убакыт менен тыюу салынды.

Малиде ушул кезге чейин өлкө тышынан келген 2 кишиде вирус аныкталып, бүгүндөн баштап көчөгө чыгууга тыюу салынды. Кургактык чек аралары жүргүнчү кемелерине жабылган өлкөдө эпидемия коркунучуна карабастан жекшемби күнү боло турган шайлоонун керектүү чаралар көрүлүү менен өткөрүлөрү жарыяланды.

Камерунда болсо вирус жугузган киши саны 75ке жетти.

 



Тектеш кабарлар