Афганстанда Талибан кол салды
Афганстанда Талибан террористтери жасаган кол салууда 5 коопсуздук кызматкери каза болду.
1385461
Афганстанда Талибан террористтеринин кол салуусунда 5 коопсуздук кызматкери каза болду.
Кундуз облустук кеңешинин башчысы Мухаммед Юсуф Аййуби террористтердин Кундуз аймагынын Имам Сахип районундагы аскердик пункутка куралдуу кол салгандыгын айтты.
Кол салууда 5 коопсуздук кызматкеринин каза болгондугун, үчөөсүнүн жаралангандыгын билдирген Аййуби 6 коопсуздук кызматкеринин да Талибанга туткунга түшкөндүгүн белгиледи. Азырынча Талибандан бул тууралуу маалымат келе элек.