Түндүк Корея ракетасын сынады

Ракеталардын түрү тууралуу маалымат берилбестен, аймактагы абалдардын иликтөөгө алынгандыгы билдирилди.

1382350
Түндүк Корея ракетасын сынады

Түндүк Корея Чыгыш деңизинде (Япон) кыска аралыктуу баллистикалык ракетасын сынады.

Йонхап агенттигинин кабарына караганда Түштүк Кореянын башкы штаб төрагалыгы Түндүк Кореянын Түндүк Пхёнган провинциясына караштуу Синчон аймагына жакын жерде кыска аралыктуу 2 баллистикалык ракета аткандыгын билдирди.

Маалыматта ракеталар 50 километр жогорку бийиктикке жетип 410 километр аралыкты өткөндүгү баса белгиленди.

Ракеталардын түрү тууралуу маалымат берилбестен, аймактагы абалдардын иликтөөгө алынгандыгы маалымдалды.

Өзгөчө бул сыноонун дүйнө коронавирус менен күрөшүп жаткан учурда болушуна көңүл бурулган маалыматта бул кыймыл «орундуу болбогон кыймыл» деп мүнөздөлүп, мындай кыймылдардан алыс болууга чакыруу салынды.

Түндүк Корея  9 -  мартта Түштүк Гамйонг провинциясына караштуу Сондок аймагынын жакындарында кыска аралыктуу 3 ракета аткан.

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар