Кытай коронадан каза тапкан дарыгердин үй - бүлөсүнөн кечирим сурады

Кытай коммунисттик партиясынын дициплина кеңеши Ухань полициясынын дарыгер Ли тууралуу камоо коркутуусун камтыган эскертүүнү кайра алгандыгын жарыялады.

1381996
Кытай коронадан каза тапкан дарыгердин үй  - бүлөсүнөн кечирим сурады

Кытайлык жетекчилер жаңы тип коронавирус эпидемиясынын коркунучтуулугуна биринчи жолу көңүлдөрдү бурган жана бул тууралуу социалдык медиада берген маалыматынан кийин «ушак- айың жаюу» деген күнөөлөө менен териштирүү баштатылган кытайлык дарыгер Ли Венглиангдын үй- бүлөсүнөн кечирим сурады.

Кытай коммунисттик партиясынын дициплина кеңеши Ухань полициясынын дарыгер Ли тууралуу камоо коркутуусун камтыган эскертүүнү кайра алгандыгын жарыялады.

Линин үй- бүлөсүнөн бул тууралуу расмий түрдө кечирим суралгандыгы жана териштирүүнү жүргүзгөн эки полиция кызматкерине дициплина жазасынын берилгендиги билдирилди.

2019 -жылы декабрь айында полиция билдирген 8 дарыгердин арасында орун алган Ли Венлианг вирустан улам 6 -февралда каза тапкан.

Дарыгердин өлүмү социалдык медиада чоң каршы чыгууларга жол ачкан. Кытай Жогорку Соту да окуя тууралуу полицияны сынга алган.

Бир тараптан Кытай Хубэй провинциясында кээ бир саякат чектөөлөрүн жеңилдетти.

Ухань шаарынын кирип- чыгууларга жабык экендиги, 14 күндүн ичинде шаарда жаңы бейтап чыкпаса карантинанын жоюлары билдирилди.



Тектеш кабарлар