Дүйнөдө коронавирустан каза тапкандардын саны 10 миңден ашты

COVID-19 Батыш өлкөлөрүндө жайылууда.

1381959
Дүйнөдө коронавирустан каза тапкандардын саны 10 миңден ашты

Коронавирустан Европада эң көп таасирленген Италия, каза тапкандардын саны 13ү дарыгер жалпы 3 миң 405ке жеткендиктен эң көп өлүм катталган өлкө болду. Өлкөдө вирусту жуктургандардын саны 41 миң 35 кишиге, айыккандардын саны болсо 4 миң 440ка жетти.

Испанияда коронавирустун себебинен каза тапкандардын саны 831ге жогорулады. Вирусту жуктургандардын саны 18 миң 77 киши.

Францияда вирустан каза тапкандардын саны 108 киши көбөйүп 372ге, ооруга чалдыккандардын саны болсо 10 миң 995ке жетти.

Нидерландияда акыркы 24 сааттын ичинде 18 киши вирустан каза тапты. Ушундайча коронадан каза тапкандардын саны 76га, жуктургандардын саны 2 миң 460ка жеткендиги билдирилди.

Англияда вирустан каза тапкандардын саны 144кө, жуктургандардын саны 3 миң 269га жетти.

Австралияда вирустун айынан көз жумгандардын саны 7ге, ооруну жугузгандардын саны да 756га жетти.

Ковид-19дан каза тапкандардын саны 217ге, ооруга чалдыккандардын саны 14 миң 366га жеткен АКШда президент Дональд Трамп 10-12-июнда Мэриленд штатында өткөрүлүшү пландалган Чоң жетинин лидерлер саммитинин коронавирустун себебинен видеоконференция аркылуу өткөрүлүшүнө чечим чыгарды.

Түштүк Америкада Колумбияда өлкөгө сырттан кирип-чыгууларга тыюу салынды. Перуда бир киши коронавирустан каза болду. 3 киши көз жумган Аргентинада карантин жарыяланды. Гаитиде болсо биринчи жолу 2 кишиде вирус аныкталды.

44 киши каза тапкан Германияда вирусту жуктургандардын саны 15 миң 320га жетти.

Швейцарияда 43 киши көз жумуп, ооруга чалдыккандардын саны 4 миң 222 деп жарыяланды.

Бельгияда да коронавирустун айынан 21 киши каза тапты, ооруну жугузган 1795 бейтап бар.

Дүйнөнүн жалпысында коронавирустан каза тапкандардын саны 10 миңден ашты.

 



Тектеш кабарлар