БУУ : "Млиллиондогон киши каза болушу мүмкүн"

Антонио Гутерреш видеоконференция аркылуу өткөргөн пресс  - жыйынында бүткүл дүнөнү таасири астына алган Ковид  - 19 эпидемиясына байланыштуу маалымат берди.

1381812
БУУ : "Млиллиондогон киши каза болушу мүмкүн"

БУУ миллиондогон киши каза болушу мүмкүн деп эскертти.

БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш жаңы тип коронавирус эпидемиясына байланыштуу : «Вирустун дүйнөнүн эң коргоосуз аймактарында токой өртү сыяктуу жайылышына уруксат бере турган болсок миллиондогон киши каза болот»,- деп эскертти. Гутерреш видеоконференция аркылуу өткөргөн пресс  - жыйынында бүткүл дүнөнү таасири астына алган Ковид  - 19 эпидемиясына байланыштуу маалымат берди.

Вирустун бир гана адамдарга эле эмес, глобалдык экономикага да таасир тийгизгендигин белгилеген Гутерреш Эл аралык Иш алып баруу Уюмунун вирустан улам жалпы дүйнөдө иштегендердин 3, 4 триллион доллар киреше жоготууга учурашы мүмкүн экендигин билдиргенин эске салды.

Улуттук деңгээлде көрүлгөн чаралардын глобалдык өлчөмдө болгон кризис үчүн жетерлик эмес экендигин белгилеген Гутерреш чоң жыйырмалар өлкөлөрүнө коронавирус менен күрөшүүдө бир убакта, чечкиндүү түрдө жаңы кадамдарды таштоо жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жардам берүүгө чакырды.

Гутерреш  : «Эң жакыр жана коргоосуз өлкөлөргө катуу сокку урулат.  Вирустун өзгөчө дүйнөнүн эң коргоосуз аймактарына токой өртү сыяктуу жайылышына уруксат бере турган болсок миллиондогон киши каза болот. Орток бир душманыбыз бар жана бир вирус менен күрөшүүдөбүз»,- деди.



Тектеш кабарлар