Илимпоздорго караганда Ковид-19 адамдар чыгарган вирус эмес...

«Nature Medicine» журналында чыккан изилдөөдө Ковид-19 тууралуу орток геномдук тизилишинин көрсөткүчтөрү жана буга окшогон вирустар кеңири анализделди.

1381442
Илимпоздорго караганда Ковид-19 адамдар чыгарган вирус эмес...

Эл аралык илимпоздор тобу тарабынан жасалган эмгектерде жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) табигый тамыры табылганы жана толугу менен эволюция жолу менен пайда болгону натыйжасын чыгаргандары маалымдалды.

«Nature Medicine» журналында чыккан изилдөөдө Ковид-19 тууралуу орток геномдук тизилишинин көрсөткүчтөрү жана буга окшогон вирустар кеңири анализделип, чыккан жыйынтыктардын вирустун жасалма жол менен же лабораторияда өндүрүлгөнү тууралуу эч бир белги көрүнбөгөнү жарыяланды.

Эмгекте, өздөрүн кожоюн клеткаларга чиркеген кандайдыр бир «чеңгел илмектери» болгон Ковид-19дун рецептор байлануу аянтынын адам клеткаларынын белгилүү бир молекулярдык өзгөчөлүгүн бутага алыш үчүн эволюцияга ээ болгону табылды, изилдөө тобунунун бул абалдын кандайдыр бир түрдөгү генетика инженердиги эмес, табигый селекциянын жыйынтыгы болгонуна ишенгени белгиленди.

Жаңы типтеги коронавирустун жаңы өнүккөн жөндөмдүүлүгүндө абдан таасирдүү көрүнгөнү жана илимпоздордун заманбап илимдин мындай жан алгычты жаратуусунун мүмүн эместигинин натыйжасын чыгаргандары маалымдалды.

Изилдөөчүлөр Ковид-19дун адамга кантип жукканы туурасында дагы вирустун жарганат сыяктуу адамдан тышкары бир жандыкта табигый тандалуу жолу менен эвалюцияга учурап андан соң адамдарга жуккан боло алаарына же болбосо адамдарга жугуудан мурда балким патогендүү болбогон вирустун бир гана адам популяциясында учурдагы өлтүрүүчү формасына эволюцияланган болооруна көңүл бурду.

Бул баскычта эки сценарийден кайсынысы болгонун белгилөөнүн дээрлик мүмкүн болбогонун билдирген изилдөөчүлөр, вирустун толук түрдө эволюцияга учураган абалы менен адамдарга өткөн болушу жөнүндөгү теориянын туура болуп чыккан учурунда мунун «келечекте дагы көп жугуу» ыктымалдуулугун арттыра турганы эскертүүсүн кылышты.

Бул эмгекке Колумбия университети, Эдинбург университети жана Сидней университеттеринен изилдөөчүлөр катышканы кеп кылынды.



Тектеш кабарлар