Грециянын мамилеси сынга алынды
Түркия-Греция чек арасында болуп жаткан чыңалууга байланыштуу Адам укуктарын көзөмөлдөө уюму кеңири отчет даярдады.
![Грециянын мамилеси сынга алынды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/e531/86fb/2acb/5e7323af184cf.jpg?time=1718881439)
Анкара тарабынан качкындар үчүн чек ара капкалары ачылгандан кийин Түркия-Греция чек арасында болуп жаткан чыңалууга байланыштуу Адам укуктарын көзөмөлдөө уюму кеңири отчет жана анализдөө даярдады.
Түркия-Греция чек арасында болуп жаткан адамдык трагедияга байланыштуу Түркияны сынга алган жана күнөөлөгөн Грециянын качкындарга зордук-зомбулук көрсөткөндүгү айтылды.
Отчетто «Грек коопсуздук күчтөрү жана аты-жөнү белгисиз кишилер чек арада качкындарды камакка алды, күч колдонду, буюмдарын тартып алды жана Түркияга кайра жөнөттү» деп сереп салынды.
Бир тараптан Европага өтүү үчүн чек арада күтүп турган бозгундарга Греция кечээ дагы газ бомбалары менен бөгөт болду.
Токой аянтына чогулган баш калкалоочулар Арда дарыясына жакын жерден Греция чек арасын көздөй бет алышты.
Миңдеген бозгунду көргөн грек аскерлери асманга ок атып, газ бомбаларын ыргытышты. Газдан көп сандаган адам таасирленди.
Тектеш кабарлар
![Россиянын президенти Владимир Путин Вьетнамда](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/8087/bb25/775e/6673ea3f1f3ab.jpg?time=1718881440)
Россиянын президенти Владимир Путин Вьетнамда
Путинди борбор шаар Ханойдо Вьетнамдын президенти То Лам мамлекеттик салтанат менен тосуп алды.