Коронавируска каршы дары чыгаруу аракеттери

"Favipiravir" аттуу бир дарынын коронавируска каршы күрөштө таасирдүү болгондугун билдирилди.

1380429
Коронавируска каршы дары чыгаруу аракеттери

Кытайдагы клиникалык тажрыйбалар "Favipiravir" аттуу бир дарынын коронавируска каршы күрөштө таасирдүү болгондугун ортого салды.

Кытайдын CGTN каналынын кабарына караганда кытай Улуттук биотехнологияны өнүктүрүү борборунун төрагасы Жанг массалык маалымат каражаттарына берген билдирүүсүндө Шензен шаарында 80 жаңы тип коронавирус бейтабын камтыган бир клиникалык тажрыйбанын жүргүзүлгөндүгүн белгиледи.

Жанг тажрыйбанын «Favipiravirдин»  жеңил бейтаптар үчүн айыгуу мөөнөтүн 11 күндөн 4 күнгө түшүрө алгандыгын билдирди.

Ухань шаарында жүргүзүлгөн башка бир клиникалык тажрайбада дарынын температуранын мөөнөтүн 4,2 күндөн 2,5 күнгө түшүргөндүгү аныкталгандыгын айткан Жанг, дарынын  маанилүү тескери таасиринин байкалбагандыгын белгиледи.

Жанг «Favipiravir 2014 – жылдан бери Япония базарында орун алып келет жана эч бир тескери таасирин көргөн жокпуз»,- деди.

Маалыматта ремдесивир жана башка дарылардын клиникалык тажрыйбалары тууралуу кенен маалымат берилген жок.



Тектеш кабарлар