Коронавирус Европанын бардык өлкөлөрүнө жайылды

Материктин жаңы типтеги коронавирустан эң көп таасир алган өлкөсү Италияда каза тапкандардын саны 345 кишиге көбөйүп 2503кө жетти.

1380448
Коронавирус Европанын бардык өлкөлөрүнө жайылды

Черногорияда алгач ирет жаңы типтеги коронавирусту (Ковид-19)  жуктуруп алган киши кездешкени боюнча Европанын бардык өлкөлөрүндө коронавирус бар экени ырасталды.

Материктин жаңы типтеги коронавирустан эң көп таасир алган өлкөсү Италияда каза тапкандардын саны 345 кишиге көбөйүп 2503кө жетти.

Испанияда жаңы типтеги коронавирустун себебинен каза болгондор 500гө жетип, жуктуруп алгандардын саны 11 миңден ашты. Бул сандар эпидемия убагында Испанияда бир күндө катталган эң жогорку көрсөткүч болду.

Каза тапкандардын саны 175ке жеткен Францияда, эркин жүрүүнү мажбур кылган абалдардан тышкаркы бардык убактар үчүн тыюу салган ишке ашыруу президент Эммануэль Макрондун чечими менен күчүнө кирди.

23 өлүм катталган Германияда, Израилдин Берлиндеги элчиси Жереми Иссахаров жана Элчиликте кызмат кылган бир дипломаттын жаңы типтеги коронавирусту жуктуруп алганы маалымдалды. Бул абалдан кийин Израилдин Берлиндеги Элчилиги жума күндөн тарта жабык болот, Элчиликтеги бардык дипломаттардын үйлөрүндө карантинде болгондору белгиленди.

3 киши каза тапкан жана миң чакты бейтап катталган Австрияда, эми 6 киши чогула албайт. Премьер-министр Себастьян Курц, элдин үйүнөн чыгышы үчүн үч кана себеп болушу мүмкүн экенин айтып буларга токтолду; керектүү иш, азык-түлүк алып келүү жана башка кишилерге жардам берүү...

Англиядагы эпидемияда болсо дагы 16 киши каза болду. Өлкөдө жуктуруп алгандардын саны 1950гө жетип, жалпы каза болгондор 71 деп белгиленди.

Бельгиянын желеги илинген аба жолу фирмасы Брюссель аба жолдору жаңы типтеги коронавирустун себебинен 20-апрелге чейин бардык каттамдарын токтотуу чечимин чыгарды.

Европа Биримдигинин лидерлери, үчүнчү өлкөнүн атуулдарынын ЕБне мүчө өлкөлөргө жана Шенген аймагына жасай турган «керектүү болбогон» саякаттарына 30 күндүк убактылуу чектөө киргизген түзөтүүнү бекитти.

ЕБ Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен болсо: «ЕБнин атуулдары бир гана тышкарыда эмес Европанын ичинде да камалып калды жана мунун бүткөрүлүшү керек»,-деди.

Фон дер Ляйен, коронавирус менен күрөшүү үчүн жасала турган көп нерсе бар экенин белгилеп, «Бул күрөшкө ар ким салым кошо алат. Сиз дагы үйдөн чыкпай, башка адамдар менен байланышты азайтып салым кошо аласыз»,-деп айтты.

Коронавирустан 5 киши каза тапкан Грецияда 387 бейтап бар.

Болгарияда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 81ге жогорулады. Өлкөдө вирустун себебинен 2 киши көз жумду.

Түндүк Македонияда 12-апрелде өтүшү пландалган мөөнөтүнөн мурда болуучу шайлоонун Ковид-19 чара көрүүлөрүнүн алкагында кийинкиге жылдырылды. Жуктуруп алгандардын саны 26га жеткен Түндүк Македонияда өкмөт, мындан мурда ачык боло турганын жарыялаган чек ара капкаларынын транзит жүк ташуучулулар, дипломаттар жана Ички иштер министрлигинен уруксаты болгондордон тышкаркы ар кимге жабык болоорун жарыялады.

Босния-Герцеговина Ислам Биримдиги муфтийлер кеңеши дагы кечээки кезектеги жыйынында коронавирус эпидемиясынын себебинен бардык мечиттерде убакыт намаздарынын жамаат менен окулушунун токтотулушуна чечим чыгарды.

97 киши каза тапкан АКШда президент Донльд Трамп, жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) эпидемиясы тууралуу мүмкүн болсо үйдөн чыкпоо, мындай мүмкүнчүлүгү жоктордун өздөрүн коргоо үчүн аракет кылуусу боюнча чакырык салды.

Трамп, Твиттерден Ковид-19ду «Кытай вирусу» деп атап коюушу эскертилгени боюнча, «Кытай, вирусту биздин өлкөбүз алып барганы жөнүндө жаңылыш маалыматтарды жайып жаткан. Бул жаңылыш болчу. Бул вирусту кайдан келсе аны менен мүнөздөөгө аргасызмын»,-деп жазды.

Түштүк Америка өлкөсү Бразилияда жаңы типтеги коронавирустун себебинен 62 жаштагы бир оорукчан каза болду. Өлкөдө 67 жаңы жуктуруп алгандар аныкталды жана бейтап санынын 301ге жеткени маалымдалды.



Тектеш кабарлар