Чыгыш өлкөлөрү коронавируска каршы чара көрүүлөрүн улантууда...

Кыргызстанда алгач ирет жаңы типтеги коронавирус жуктуруп алган кишилер аныкталды. Жаңы типтеги коронавирус аныкталган бейтаптар жашаган Жалал-Абадга караштуу Сузак районуна кирип-чыгууларга тыюу салынды.

1380514
Чыгыш өлкөлөрү коронавируска каршы чара көрүүлөрүн улантууда...

Кытайда коронавирустун себебинен каза тапкандардын саны 3237 деп катталды. Жалпы бейтап саны 80 миң 894 болгону, булардан 69 миң 614ү айыгып чыкканы билдирилди.

Пайда болгон декабрь айынан бери орто эсеп менен 183 кишиге жуккан жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) 988 кишинин жанын алган Иранда президенттин илим жана технология боюнча жооптуу орун басары Сорна Сеттари, алдыдагы аптадан тарта жаңы типтеги коронавирусту (Ковид-19) аныктаган комплектини өндүрүп чыгара баштай тургандарын жарыялады.

Азербайжанда жаңы жуктуруп алган 6 киши менен кошо жалпы бейтап саны 34кө жетти. Өлкөдө мындан мурда вирустун себебинен бир киши каза тапкан. Өлкөдө вирустун жайылуусунун алдын алуу үчүн мечиттердин убактылуу жабылганы жарыяланды.

133 оорукчан катталган Сауд Арабияда жаңы типтеги коронавирус чара көрүүлөрүнүн алкагында Каба жана Месчиди Небевиден тышкаркы мечиттерде жума намазынан баштап жамаат менен намаз окууга тыюу салынды.

Индонезия өкмөтү Ковид-19 жугуштуу оорусунун себебинен бардык чет өлкө жарандары үчүн визасыз саякат ишке ашыруусун токтоткону билдирилди. Ушул убакка дейре 5 киши каза тапкан өлкөдө Саламаттык сактоо министрлиги дагы жаңы 38 кишиге жукканы боюнча жалпы Ковид-19 жуккандардын саны 172ге жогорулаганын жарыялады.

3 кишинин вирустун себебинен каза тапканы белгиленген Индияда 126 бейтап бар.

Нигериянын борбор шаары Абуджада кызмат кылган доктурлар айлыктарынын төлөнбөгөнү себеби менен өлкөдө 3 жаңы типтеги коронавирус бейтабынын аныкталышынан бир канча саат кийин мөөнөтсүз иш таштоо чечимин чыгарды.

Кыргызстанда алгач ирет жаңы типтеги коронавирус жуктуруп алган киши аныкталды.

Жаңы типтеги коронавирус аныкталган бейтаптар жашаган Жалал-Абадга караштуу Сузак районуна кирип-чыгууларга тыюу салынды.

Тунистин президенти Кайс Саид, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00-06:00 арасында бүтүндөй өлкөдө көчөгө чыгууларга чектөө кигизиле турганын, аскердик күчтөр менен ички коопсуздук бөлүктөрүнүн да тыюу салуу ишке ашырылышы үчүн күзөт кыла турганын маалымдады.



Тектеш кабарлар