Батыш жакта коронавирустун жайылуусу токтой элек

Европада жаңы типтеги коронавирустан (Ковид-19) эң көп таасир алган өлкө Италияда каза тапкандардын саны 368 кишиге көбөйүп 1809га жетти.

1379254
Батыш жакта коронавирустун жайылуусу токтой элек

Европада жаңы типтеги коронавирустан (Ковид-19) эң көп таасир алган өлкө Италияда каза тапкандардын саны 368 кишиге көбөйүп 1809га жетти.

Вирус жуккан киши саны болсо 24747 деп жарыяланды.

Премьер-министр Жусеппе Конте, «Corriere della Sera» геизитине берген маалыматында жаңы типтеги коронавирустун себебинен орчундуу апталарга киргендерин жана кризисте азырынча эң жогорку чекке жете электигин айтты.

Францияда жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) эпидемиясында көз жумгандардын саны 127ге, жуктуруп алгандардын саны болсо 5423кө жетти.

Вирустан каза тапкандарлдын саны 13,  жуккандардын саны 5 миңдей болгон Германиянын борбор шаары Берлинде 50дөн көп катышуучусу болгон бардык иш-чараларга тыюу салынды. Бавария провинциясында жаңы типтеги коронавирустун себебинен «курч кырдаал» жарыяланды.

Көз жумгандар бардык тармакты чара көрүүгө түрткөн өлкөдө, Дин иштери түрк ислам биримдигине (DİTİB) караштуу мечиттерде жаңы типтеги коронавирус эпидемиясынын себебинен экинчи жарыяга чейин, убакыт намаздарынын жамаат менен бирге окулбай турганын жарыялады.

Нидерландия өкмөтү жалпы өлкөдө мектептердин 6-апрелге чейин эс алууга чыгарылганын жана бала бакчалардын дагы жабык боло турганын жарыялады. Өлкөдө Ковид-19дун себебинен каза тапкандардын саны 20га, жуктуруп алгандардын саны миңден ашты.

14 киши көз жумган Швейцарияда жуктуруп алгандардын саны 2 миңден ашты.

АКШда жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) жуккан бейтап саны 3500гө чукулдаганы жана каза болгондордун саны 65ке жогорулады.

Пандемия Америка калкын дүрбөлөңгө салып азык-түлүк дүкөндөрүнө чубашты.

Гватемалада жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) себебинен 85 жаштагы бир бейтап каза болду.

Түштүк Америка өлкөлөрү Венесуэлада жуктуруп алгандардын саны 17ге көбөйсө, жугуштуу оору менен күрөшүүнүн алкагында борбор шаар Каракас менен 6 провинция карантинге алынганы жарыяланды.

Инфекцияга чалдыккан киши саны 34кө жеткен Колумбияда, атуулдар жана уруксаты болгон чет элдиктерден тышкаркы бардык чет элдиктердин кирүүлөрүнө тыюу салынды.

Университеттер менен катар мамлекетке таандык бардык мектептерге тыныгуу берилди.

Ковид-19дун себебинен 2 киши каза тапкан, жуктургандардын саны 37ге жеткен Эквадордо саякат жана соода иш-аракеттери эртеңден баштап чектелет.

11 киши таасир алган Боливияда болсо, 18-марттан тарта Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр менен Англия, Ирландия жана Ирандан келгендерге каалгалар жабылды.

жаңы типтеги коронавирустан (Ковид-19) каза тапкандардын саны 5ке, вируска кабылгандардын саны дагы 313кө жогорулаган Австралияда, 14 күндүк карантин мөөнөтүнө баш ийбегендерге акчалай жана абак жазасы бериле турганы жарыяланды.

Өлкөдө жыл сайын 25-апрелде жүз миңдеген киши катышкан Анзак күнүн эскерүү аземдери Австралиянын борбордук аянты, Түндүк аймагы жана Түштүк Австралиядан ташкаркы бардык провинцияларда жоюлду.

Ковид-19дун себебинен Испанияда 292 жана Англияда 35 киши каза болду.

Чехия жана Перуда болсо жаңы типтеги коронавирустун себебинен өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Бул учурда жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) кездешкен өлкөлөрдөгү жаңы жуктургандар тууралуу жаңы көрскөткүчтөр чогултулган «Worldometer»интернет барагы жалпы дүйнөдө жаңы типтеги коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 169652 деп билдирди.

Баракка караганда, Ковид-19дун себебинен жалпы 6518 киши каза тапты, 77776 киши болсо айыгып чыкты.

Европа Биримдиги Комиссиясынын төрагасынын улуу орун басары Франс Тиммерманс, жаңы типтеги коронавирус чара көрүүлөрүнүн алкагында өзүн карантинге алды. ЕБ Комиссиясынын маалыматына караганда оору аныкталбаган Тиммерманстын 6-мартта Ковид-19 анализи позитив болуп чыккан Франциянын Экология иштери боюнча жооптуу мамлекеттик министри Брюно Поирсон менен жолугушканы себеби менен өзүн алдын алуу үчүн карантинге алганы белгиленди.

Автомобиль секторунун алдыңкы өндүрүүчүлөрүнөн Fiat Chrysler Automobiles, жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) эпидемиясынын себебинен Европадагы 8 өндүрүш комплексиндеги иш-аракеттерин 27-мартка чейин токтото тургандарын жарыялады.



Тектеш кабарлар