7 жарым миллион бала жардамга муктаж
ЮНИСЕФ жарыялаган отчетто Сириядагы жарандык согушта 2014 – 2019 - жылдарда 5427 баланын каза болгондугу белгиленди.
Сирияда 9 жылдан бери болуп келе жаткан жарандык согуштан улам 7 жарым миллион бала чукул жардамга муктаж.
7 жарым миллион баланын 5 миллиону өлкө ичинде, 2 жарым миллиону коңшу өлкөлөрдө.
ЮНИСЕФ жарыялаган отчетто Сириядагы жарандык согушта 2014 – 2019 - жылдарда 5427 баланын каза болгондугу белгиленди.
Сириянын түндүгүндө 2019 - жылдын аралык айынан бери күнүмдүк орточо 6000 баланын, 2019 - жылдын акырынан тарта 2, 6 миллион баланын өлкө ичинде туулган жерлеринен кеткендиги билдирилди.
Отчетто согуш башталган 2011 - жылдан бери 6 миллион сириялык баланын төрөлгөндүгү, алардын ичинен 4,8 миллион баланын Сирияда, 1 миллион баланын коңшу өлкөлөрдө туулгандыгына орун берилди.
Сирияда жана коңшу өлкөлөрдөгү балдар менен үй - бүлөлөрдүн муктаждыктарынын камсыз кылынышы үчүн ЮНИСЕФтин чукул түрдө 682 миллион долларга муктаждыгынын бар экендигине көңүл бурулду.