Иранда жасалма ичкиликтен ууланып каза болгондор көбөйдү

Иранда 73 киши жасалма ичкиликтин себебинен көз жумду.

1377017
Иранда жасалма ичкиликтен ууланып каза болгондор көбөйдү

Ирандын Хузистан, Элбурз жана Мазендеран провинцияларында акыркы бир аптада жасалма ичкиликтин себебинен каза тапкандардын саны 73кө жетти.

Ирандын расмий агенттиги ИРНАга  маалымат берген «Ахваз Жундишапур» Медициналык илимдер университетинин басма сөз катчысы Али Ихсанпур, Хузистан провинциячсында 6-марттан бери жасалма ичкилик ичкен 500дөн ашуун кишинин ууланып ооруканаларга кайрылганын жарыялады.

Ихсанпур: «Хузистан провинциясында алкоголдон уулануусунун себебинен каза тапкандардын саны 46га жетти»,-деди.

Элбурзда 15, Мазендеран провинциясында да 12 кишинин жасалма ичкиликтин себебинен каза болгонун жарыялаган.

Ушундайча жалпы 73 киши жасалма ичкиликтин себебинен көз жумду.

Ахваздын башкы прокурорлугун аткаруучу Али Бейранвенд, жасалма ичкилик териштирүүсү тууралуу 17 кишинин камакка алынганын жарыялаган.

Кереж башкы прокурорлугун аткаруучу Мухаммед Агаяри болсо,мындан мурдагы билдирүүлөрүндө айрым атуулдардын «алкоголдун жаңы типтеги коронавирусту айыктырганы» айтымдары боюнча жасалма болгону белгилегенген ичкиликтерди ичкени билдирилген.



Тектеш кабарлар