Коронавирус Кытайда жана Чыгыш өлкөлөрүндө...

Дүйнө жүзүн коркуткан коронавирустун себебинен каза тапкандар Кытайда 3139га жетти.

1375453
Коронавирус Кытайда жана Чыгыш өлкөлөрүндө...

Дүйнө жүзүн коркуткан коронавирустун себебинен каза тапкандар Кытайда 3139га жетти.

Өлкөдө бейтап саны да 4794нун абалы оор, жалпы 80754кө жетсе, Фужиен провинциясына караштуу Чүенжоу шаарында ишемби күнү кечинде кулаган жана Ковид-19 бейтаптарынын карантинге алынган жери катары колдонулган Хинжиа Экспресс отелдин урандыларында издөө-куткаруу иштеринен 59 киши чыгарылды. Булардан 18и көз жумуп,12си дагы деле урандынын астында.

Арасында жогорку жетекчилер дагы орун алган 237 киши коронавирустун себебинен каза болгон Иранда алгач ирет бир шаар карантинге алынды.

Өлкөнүн түштүк чыгыш жагындагы Систан-Белужистан провинциясына караштуу Чахарат шаары Ковид-19га каршы чара көрүү максатында карантинге алынды.

Ковид-19га кабылган Кум Саламаттык сактоо илимдери университетинин ректору Мухаммед Рыза Кадир болсо айыгып чыгып кызматын баштады.

Израиль башкаруучулугу жаңы тип коронавирустун себебинен өлкөгө кайткан израилдиктердин жана өлкөгө кирген чет элдиктердин 14 күн бою карантинде кармалышына чечим чыгарды.

Ковид-19 аныкталгандардын саны Египетте 59га, Сауд арабияда 20га жетти.

Африка материгинде Алжир, Сенегал, Египет, Марокко,Нигерия, Тунис, Түштүк Африка Республикасы, Камерун жана Тогодо Ковид-19 аныкталган киши саны 94кө жетти.



Тектеш кабарлар