Иранда жасалма ичкиликтен каза тапкандардын саны көбөйдү

Каза тапкандардын саны 33кө, уулангандардын саны да 265ке жетти.

1375409
Иранда жасалма ичкиликтен каза тапкандардын саны көбөйдү

Ирандын түштүгүндөгү Хузестан жана Эльборз аймактарында жасалма ичкиликтен каза тапкандардын саны 33кө жетти.

Ирандын мамлекеттик телекөрсөтүүсүндөгү кабарларга караганда, Хузестандын борборундагы Ахваз шаарында дагы 6 кишинин каза болушу менен бирге аймакта жасалма ичкиликтен каза тапкандардын саны 33кө, уулангандардын саны да 265ке жетти.

Кереч аймагынын башкы прокурорунун өкүлү Мухаммед Агайари кечээки билдирүүсүндө, Эльборз аймагында жасалма ичкиликтен ууланган кишилерден жетөөсүнүн көз жумгандыгын кабарлаган эле.

Агайари айрым жарандардын «спирттик ичимдиктин жаңы типтеги коронавируска пайдалуу экендиги» жөнүндөгү айтымдар боюнча ичип алгандарын билдирген эле.



Тектеш кабарлар