Түндүк Корея дагы ракета сынады

Түштүк Кореянын башкы штабы Түндүк Корянын кыска аралыктуу 3 ракета аткандыгын билдирди.

1374470
Түндүк Корея дагы ракета сынады

Түндүк Кореянын Чыгыш деңизинде (Япон деңизи) кыска аралыктуу ракета сынагандыгы билдирилди.

Йонхап агенттигинин билдиргенине караганда Түштүк Кореянын башкы штабы Түндүк Корянын Түштүк Хамгён аймагына караштуу Сондок районуна жакын жерде кыска аралыктуу 3 ракета аткандыгын билдирди.

Атуунун бирден көп ракета учуруу системасын камтыган машыгуунун бир бөлүгү экендиги белгиленген маалыматта ракеталардын 50 километрге жакын бийиктикке чыгып 200 километрге жакын аралыкты өткөндүгү баса белгиленди.

Ракеталардын түрүнө байланыштуу маалымат берилбестен, аймактагы абалдардын байкоого алынгандыгы маалымдалды. Түнкдүк Корея 2 -  мартта да 2 ракета аткан.



Тектеш кабарлар