Коронавирус Батышта жан алууда

Европада Ковид-19дан эң көп таасир алган өлкө Италия болсо, акыркы расмий көрсөткүчтөргө караганда каза тапкандардын саны 133 кишиге көбөйүп 366га жетти.

1374658
Коронавирус Батышта жан алууда

Кытайдын Хубей провинциясына караштуу Ухань шаарында пайда болгон жаңы тип коронавирустун (Ковид-19) дүйнөнүн жалпысында жуккан киши саны 106466га жетип, анын себебинен каза болгондор да көбөйүүдө.

Европада Ковид-19дан эң көп таасир алган өлкө Италия болсо, акыркы расмий көрсөткүчтөргө караганда каза тапкандардын саны 133 кишиге көбөйүп 366га жетти.

Францияда болсо каза болгондордун саны 19га,ооруну жугузуп алгандардын саны 1126га жетти.

Коронавирустун себебинен каза болгондордун саны 7ге көбөйүп 17ге жектен Испанияда вирус жуккан киши саны 600дөн ашты.

Ковид-19 анализи коюлган оорукчандарда 2 киши каза болгон Англияда каза тапкандардын саны 64 кишиге көбөйүп 273кө жетти.

Швейцарияда дагы каза тапкандардын саны 2ге көбөйүп, ооруну жуктуруп алгандардын саны 332ге жеткени маалымдалды.

30 коронавирус оорулуусу болгон Португалияда болсо президент Марсело Ребело де Соуза вирустун алдын алуу катары эки апта бою бардык программасын жойду.

Германияда ооруну жуктургандардын саны 902ге, Бельгияда 200гө, Австрияда 99га, Грецияда 73кө, Данияда 35ке, Чехияда 26га, Польшада 19га, Румынияда 15ке, Венгрияда 7ге жана Словакияда 3кө жетти.

Албанияда алгачкы жаңы тип коронавирус жуккан киши аныкталды.

АКШда жооптуу кызматкерлер 18и Вашингтон, 2си Флория жана бирөө Калифорнияда болуп жалпы өлкөдө Ковид-19дан каза тапкандардын санынын 22ге чыкканын жарыялады.

АКШ ооруларды текшерүү жана алдын алуу борбору (CDC) болсо Кытайдын Ухань шаарынан чыгарылган жана Калифорниянын жээгинде күттүрүлгөн 3500 кишилик жүргүнчү кемесинде болгондор менен катар 33 штатта коронавирусту жуктуруп алганы аныкталгандардын саны 554кө жеткени билдирилди.

Өлкөдө Республикачыл партиянын сенатору Тед Круз жана Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Пол Госардын Ковид-19 жуккан кишилер менен байланышта болгондору үчүн үй карантинине алынгандары маалымдалды.



Тектеш кабарлар