Германия Грециядагы качкын балдардан алат

Алына турган балдар чукул дарыланууга муктаж оорулуу же 14 жаштан кичүү эч кимиси жок балдардын арасынан тандалат.

1374846
Германия Грециядагы качкын балдардан алат

Германия Грециядагы лагерлердеги жана өзгөчө коргоого муктаж качкын балдардын бир бөлүгүн кабыл алат.

Германиянын маалымат агенттиги ДПАнын кабарында чечимдин канцлер Ангела Меркель жетекчилигиндеги өкмөттү курган партия мүчөлөрүнүн лидерлери өткөргөн жыйында чыгарылгандыгы белгиленди. Чечимде Европа Биримдигинде «ыктыярдуулар коалициясын» түзүүнү каалагандыгы белгиленген кабарда ушунун негизинде Германиянын белгилүү санда бала кабыл  алары баса белгиленди.

Германиянын грек аралдарындагы адамзаттык абалдан 1000 -1500 баланы алып Грецияны колдоо каалоосу билдирилген кабарда бул балдардын чукул дарыланууга муктаж оорулуу же 14 жаштан кичүү, эч кимиси жок балдардын арасынан тандалары баса белгиленди.

Христиан демократтар биримдиги партиясынын лидери Аннегрет Крамп  - Карренбауер Deutschlandfunk радиосуна берген маалыматта Грециядагы качкын балдарды алуу үчүн «ыктыярдуулар коалициясына» башка Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн да катышарына ишенгендигин белгиледи.

Франциядан ушундай белгилерди алышкандарына көңүл бурган Крамп  - Карренбауер ушундан улам ыктыярдуулар коалициясынын экиден ашуун өлкөдөн турарына ишенгендигин айтты.



Тектеш кабарлар