Чыгышты колго алган коронавирус

Ирактын Эрбил шаарында да коронавирус жуктурган бир киши аныкталды.

1373774
Чыгышты колго алган коронавирус

 Ирактын Эрбил шаарында да коронавирус жуктурган бир киши аныкталды.

Аймактагы саламаттык сактоо министрлигинен берилген маалыматта вирус ташыгандыгы такталган кишинин 33 жаштагы бир аял экендиги белгиленди. Жалпы Иракта бейтап саны 47ге жетти.

Ирак 8 -  март жекшемби күндөн тарта Иран менен чек ара капкаларын жүргүнчүлөргө жабуу чечимин чыгарды.

Кувейт  жаңы тип коронавирус Ковид – 19дан улам Египет, Филиппиндер, Сирия, Ливан, Шри Ланка, Бангладеш жана Индияга учак каттамдарын бир жумалык мөөнөт менен токтотту.

Бириккен Араб Эмирликтеринде жаңы тип коронавирус жуктурган киши санынын 45ке жогорулагандыгы маалымдалды.



Тектеш кабарлар