Элизабет Уорен талапкерликтен чыгуу чечимин чыгарды

АКШнын мурунку вице  - президенти Жо Байден 18 провинциядагы алдыңкы шайлоодо ортого чыккан көрсөткүч боюнча жарышта алдыга чыкты.

1373195
Элизабет Уорен талапкерликтен чыгуу чечимин чыгарды

АКШда ноябрь айындагы президенттик шайлоонун демократ талапкерлеринен Элизабет Уорен жарыштан чыгуу чечимин чыгарды.

Уорендин мындан кийинки процессте жакын көз караштагы  башка декмократ талапкери Берние Сандерсти колдошу чоң ыктымал катары көрүлүүдө. Уорен  14 провинцияда алдыңкы шайлоо өткөрүлгөн жана «Супер шейшемби» деп мүнөздөлгөн 3 -  мартта  өз провинциясы Массачусеттсте 3 – орунду алып башка аймактарда алдыга чыга алган эмес.

Уорендин да жарыштан чыгышы менен президенттикке талапкер демократ  талапкерлеринин саны үчкө түштү.

АКШнын мурунку вице  - президенти Жо Байден 18 провинциядагы алдыңкы шайлоодо ортого чыккан көрсөткүч боюнча жарышта алдыга чыгып, андан кийин Вермонт сенатору Берние Сандерс келди.

Тулси Габбард болсо жарышта ийгиликке жетише алган жок.

Демократ партиянын июль айындагы жалпы кеңешинде белгилөөчү талапкер менен АКШнын республикачыл президенти Дональд Трамптын ортосунда 2020 -  жылы 3 -  ноябрда боло турган президенттик шайлоодо ийгиликтүү чыга турган ысым 2021 -  жылы 20 -  январда Ак үйдө президенттик орундукка отурат.



Тектеш кабарлар