Зариф: «Астана процесси маанилүү механизм»

Зариф журналисттерге Астана жыйынына байланыштуу маалымат берди.

1372389
Зариф: «Астана процесси маанилүү механизм»

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жевад Зариф Түркия-Орусия-Ирандын ортосундагы Астана процессинин Сириядагы кагылышууну басаңдаткан жана ыраатуулукка салым кошкон жалгыз механизм экенин айтты.

Ирандын расмий ИРНА агенттигинин кабарына караганда, Зариф журналисттерге Астана жыйынына байланыштуу маалымат берди.

Астана жыйынына кожоюндук кылуунун кезеги Тегеранда экенин айткан Зариф: «Сирияда ушул учурга чейин кагылышуунун күчүн азайткан, ырааттуулукка жана терроризм менен күрөшүүгө салым кошкон жалгыз механизм Астана процесси болуп саналат. Бул ийгиликтүү процесс эле. Бул жыйындын эң кыска мөөнөттүн ичинде жогорку деңгээде өткөрүлөөрүнө ишенебиз»,-деди.

Зариф кечэ Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн жана орус министрдин да бул иштин керектүү экенине басым жасаганын билдирди.



Тектеш кабарлар