Лесбос аралында качкындар менен полициянын ортосунда араздашуу чыкты

Мориа лагеринде кечээ түнү «качкындардын кемелер менен Афинага барышына уруксат берилди» деген сөздөр жайылды.

1371655
Лесбос аралында качкындар менен полициянын ортосунда араздашуу чыкты
yunanistan göçmenler 3.jpg
yunanistan göçmenler 2.jpg

 Грециянын Лесбос аралында «мыйзамсыз мигранттар кемелер менен борбор шаар Афинага алып барылат» деген сөздөрдүн жайылышы менен портто чогулган качкындар менен полициянын ортосунда кыска убакытка созулган араздашуу чыкты. Көлөмүнөн ашыкча санда качкын болгон Мориа лагеринде кечээ түнү «качкындардын кемелер менен Афинага барышына уруксат берилди» деген сөздөр жайылды.

Араларында аялдар менен балдар да болгон топ бул кабардан кийин Лесбос портуна  барышты. Грек полициясы Афинага кеткен кемеге түшүүгө аракет кылган качкындарга тоскоол болду.

Полиция бир канча убакыт порт аймагында күткөн качкындарды автобустар менен Мориа лагерине кайтарды.



Тектеш кабарлар