Түндүк Корея ракетасын сынады

Түндүк Корея Япон деңизинде жаңы ракетасын сынады.

1370021
Түндүк Корея ракетасын сынады

Түндүк Корея Япон деңизинде жаңы ракетасын сынады.

«Йонхап» агенттигинин билдиргенине караганда Түштүк Кореянын башкы штабы, Түндүк Кореянын чыгыш жээк бөлүгүндө орун алган Вонсан шаарына жакын аймактардан эки ракета аткандыгын билдирди.

Ракеталардын түрү, учуу аралыгы тууралуу азырынча маалыматтын берилбегендиги билдирилип, аймактагы байкоо жана иликтөөлөрдүн улантылып жаткандыгы маалымдалды.

Түндүк Корея акыркы жолу  28 -  ноябрда ракета сынаган. Түндүк Корея менен АКШнын ортосунда бир жылдан бери кемчиликтер болсо да улантылып келе жаткан куралсызданууга карата сүйлөшүүлөр Швецияда 5 -  октябрда болгон иш алып баруу деңгээлиндеги жыйындарда токтогон.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын сүйлөшүүлөрдү кайрадан баштоо үчүн АКШ башкаруусуна так сунуштарды билдирүүсү үчүн өткөн жылдын акырына чейин мөөнөт берген, болбосо атомдук сыноолор менен континенттер аралык ракета сыноолорун улантары боюнча эскерткен.

Ким бул жылдын башында берген маалыматта АКШны өздөрүн алаксытуу менен күнөөлөгөн жана дүйнөнүн жакынкы келечекте өлкөсү чыгарган жаңы стратегиялык куралдарга күбө болорун белгилеген.

Бир тараптан АКШнын президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидеринин билдирүүсүнөн кийин журналисттерге берген маалыматында Ким менен мыкты мамилесинин бар экендигин баса белгилеп : «Бир келишимге кол койду. Атомдук куралдардын жок кылынышын сүйлөшүүгө байланыштуу келишимге кол койду. Бул келишимге Сингапурда кол койду. Мен анын убадасында турарын ойлоп жатам. Алдыда көрөбүз»,- деди.



Тектеш кабарлар