Сомалиде холерадан 7 киши каза тапты

Эпидемия жуктургандардын чоң катнашын балдар менен аялдар түзүүдө.

1370125
Сомалиде холерадан 7 киши каза тапты

 

БУУнун гуманитардык иштер боюнча координация офисинен берилген маалыматта өлкөнүн Хиран жна Банадир аймактарында 23 -  январь жана 27 – февралда 732 холера оорулуусу такталды. 7 кишинин эпидемиядан каза болгондугу белгиленди.

Маалыматта : «Сомалиде 3 айга созулган Дейр жамгырларынан кийин өлкөнүн кээ бир аймактарында көп сандаган ич өткөк жана холера оорулуусу чыкты. Апрель  -  июнь жамгырлары башталганда бул абал дагы да чанаралашы мүмкүн»,- деп билдирилди.

Хиранда дарыгер Хүсейин Абдихакин Мухаммед эпидемия жуктургандардын чоң катнашын балдар менен аялдардын түзгөндүгүн билдирди. Мухаммед : «Азыркы учурда ооруканаларда көп сандаган бала, кош бойлуу аялдар менен кары  - картаңдар бар. Өкмөт жана гуманитардык жардам мекемелеринен эпидемия болгон аймактарга кызматкер жиберүүлөрүн талап кылуудабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар