Путин: "Орусия согушуу үчүн даярдык кылган жери жок"

Путин, ТАСС агенттигине берген маегинде курал өндүрүп чыгаруу темасында маалымат берди.

1369927
Путин: "Орусия согушуу үчүн даярдык кылган жери жок"

Орусиянын президенти Владмир Путин, Орусиянын эч ким менен согушка даярданбаганын, эч кимдин эсине согуш пикиринин келбеши үчүн керектүү шарттарды түзүүгө аракет кылгандарын айтты.

Путин, ТАСС агенттигине берген маегинде курал өндүрүп чыгаруу темасында маалымат берди.

Орус армиясынын күчтүү экенине көңүл бурган Путин: «Эч ким менен согушуу үчүн даярдык кылган жерибиз жок. Эч кимдин эсине согуш пикиринин келбеши үчүн керектүү шарттарды түзүүгө аракет кылуудабыз»,-деди.

Орусиянын тарыхта алгач ирет дүйнөдө болбогон курал өндүрүп чыгарганын сөз кылган Путин: «АКШ курал темасында бизге жетишүүгө аракет кылууда. Бул, тарыхта эч качан болгон эмес»,-деп айтты.

АКШ менен Орусиянын ортосунда 2010-жылы кол коюлган Жаңы стратегиялык куралдардын азайтылышы келишиминин соңуна чыгып баратканын эске салган Путин, бул келишимдин жаңылануусу керектигин баса белгиледи.

Путин, стратегиялык тармактагы тең салмактуулуктун корголушу керектигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар