НАТОнун Идлибдеги кол салуудан кийин кезексиз жыйыны башталды

Түндүк Атлантикалык Конвенция Уюму НАТОдо Түркиянын талабы боюнча кезексиз Сирия жыйыны башталды.

1368451
НАТОнун Идлибдеги кол салуудан кийин кезексиз жыйыны башталды

Түндүк Атлантикалык Конвенция Уюму НАТОдо Түркиянын талабы боюнча кезексиз Сирия жыйыны башталды.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда НАТО туруктуу өкүлдөр деңгээлинде Идлиб күн тартиби менен жолугушкан Түндүк Атлантикалык Конвенциясы жыйынын баштатты.

Жыйындын негизинде Түркиянын НАТОдогу туруктуу өкүлү, элчи Басат Өзтүрктүн акыркы абалдар тууралуу бир доклад окушу жана союздаштарга маалымат бериши күтүлүүдө.

НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг болсо жыйындан кийин пресс- жыйын өткөрөт. Столтенберг эрте менен твиттерден Түркиянын талабы боюнча НАТОнун 4 -беренесинин иштегенин жарыялаган.

НАТОнун Түндүк Атлантикалык Конвенциясынын 4 -беренеси боюнча бир союздаш өлкө жеринин бүтүндүгү, саясий көз карандысыздыгы же коопсуздугунун коркунуч астында экендигин ойлогондо бардык союздаштар менен кеңешүү талабын билдире алат.

Түркия акыркы жолу 2015 -жылы террордук уюм ДЕАШтын Суручтагы террордук кол салуусунан кийин 4 -берененин иштетилишин суранган, андан кийин НАТО Сириядан келген коркунучтарга каршы Түркияга ылайыкташтырылган ишеним чараларын кабыл аган. Ушунун негизинде эрте эскертүүчү жана байкоо учактарынын аймакта күзөт учушу, Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги аскердик элементтердин арттырылышы жана чалгындоо жана байкоонун бекемделиши сыяктуу чаралар көрүлгөн.



Тектеш кабарлар