Кытайдагы коронавирустун көрсөткүчтөрү

Эпидемиядан каза тапкандардын саны 2 миң 746 кишиге жетти.

1367125
Кытайдагы коронавирустун көрсөткүчтөрү

Кытайда жаңы типтеги коронавирус (Covid-19) эпидемиясынан каза тапкандардын саны 2 миң 746 кишиге жетти.

Кытайдын Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынын билдирүүсүнө караганда, акыркы 24 сааттын ичинде 29 киши көз жумуп, вирусту жуктурган жаңы 433 бейтап катталды.

Ушундайча өлкөдө коронавирустан каза тапкандардын саны экөөсү Гонконгдо жалпы 2 миң 746га, вирусту жуктургандардын саны 78 миң 497ге жетти. 

Хубэй аймагына караштуу Ухань шаарында 12-декабрда пайда болгон жаңы типтеги коронавирустун кыска убакытта башка шаар жана өлкөлөргө жайылганы боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму «Өзгөчө кырдаал» жарыялаган болчу.



Тектеш кабарлар