АКШда Ак үй Ковид  - 19 менен күрөшүү үчүн кошумча фонд талап кылынарын билдирди

АКШда Ак үй  жаңы тип коронавирус Ковид  - 19 менен күрөшүү үчүн Конгресстен эң аз  2 жарым миллиар доллар кошумча фонд талап кылынарын билдирди.

1366067

Ак үйдүн бюджет жана башкаруу офисинин катчысы Рейчел Семмель берген жазуу түрүндөгү маалыматында : «Дональд Трамп башкаруусу Ковид – 19 вирусунун жайылышына олуттуу карап жатат»,- деди.

Вирус менен күрөшүү үчүн 2 жарым миллиард долларлык кошумча фонд талап кылган бир планды Конгресске жиберишерин белгилеген Семмель  бул фонддун 1 миллиард долларынын вируска каршы вакцина чыгарууну ылдамдатуу үчүн бөлүнөрүн белгиледи.

АКШ Конгрессиндеги демократтар узун убакыттан бери вирус тууралуу башкарууну эскертип, Трапмты бул тууралуу кадам таштоого чакырып жаткан. Трамп болсо бүгүн твиттерден берген маалыматында : «АКШда коронавирус текшерүү астында. Бардык тараптар жана тийиштүү өлкөлөр менен байланыштабыз»,- деген.

Тектеш кабарлар