Италияда үч кишинин өмүрүн алган коронавирустан улам Венеция карнавалы токтотулду

Жаңы типтеги коронавирус бүткүл дүйнөгө жайылып жатат.

1365061
Италияда үч кишинин өмүрүн алган коронавирустан улам Венеция карнавалы токтотулду

Италияда 3 кишинин каза табышына себеп болгон жаңы типтеги коронавирустун айынан Венеция карнавалы токтотулду.

Венетонун губернатору Лука Зайя, Венецияда кечээ кечтен бери карнавал үчүн уюштурулган иш-чаралардын токтотулгандыгын билдирди.

Он миңдеген туристти шаарга тарткан Венеция карнавалынын эртеңкиге чейин уланышы пландалып жаткан эле.

Венеция жана Венетодогу музей, мектеп, университет жана элге ачык берки жайлардын дагы 1-мартка чейин жабык болоору билдирилди.

Бул учурда Австрия жаңы типтеги коронавирустун себебинен Италиядан жүргүзүлгөн поезд каттамдарын убактылуу токтотту.

Италияда жума күнүнөн бери ылдам жайылып бараткан Ковид-19дун айынан каза тапкандардын саны 3кө, вирусту жуктургандардын саны 152 кишиге жеткендиги билдирилген эле.



Тектеш кабарлар