Иранда Ковид-19 эпидемиясынан каза тапкандардын саны 8ге жетти

Ирандын Саламаттык сактоо министрлигинин эл менен байланыштар кызматкери Киянуш Жиханпур, дагы 15 кишиде коронавирус табылганын, бейтаптардын саны 43кө, каза болгондордун саны 8ге жеткенин айтты.

1364767
Иранда Ковид-19 эпидемиясынан каза тапкандардын саны 8ге жетти

Иранда жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) эпидемиясынын себебинен каза тапкандардын саны 8ге жетти.

Саламаттык сактоо министрлигинин эл менен байланыштар кызматкери Киянуш Жиханпур, дагы 15 кишиде коронавирус табылганын, бейтаптардын саны 43кө, каза болгондордун саны 8ге жеткенин айтты.

Жиханпур, жаңы коронавирус жукканы аныкталган 15 кишиден 7синин Кум, 4нүн Тегеран, 2синин Гилан, 1нин Меркези жана 1нин Мазендеран провинциясында болгону жарыяланды.

Ирандын бир топ провинциясында Ковид-19 эпидемиясынын себебинен билим берүүгө тыныгуу берилди.

Тегеран, Кум, Эрдебил,Элбурз, Меркези, Казвин жана Гилан провинцияларынын башкаруучуларынан берилген жазуу түрүндөгү жарыяда вирустун жайылуусунун алдын алуу максатында баштапкы жана орто даражалуу мектептер, университеттер жана диний билим берген мекемелерде тыныгуу берилгени маалымдалды.

Айрым провинцияларда 1 күн, айрымдарында 2 күн, айрымдарында болсо 1 апта бою билим берилбей турганы жана бул мөөнөттөрдүн узартыла ала турганы белгиленди.

Өлкөдөгү бардык спорттук мелдештер 10 күнгө кийинкиге жылдырылды, бардык маданий иш-чараар токтотулду.

Кувейт атуулдарын Ирандан чыгарып кете баштады.

Ирандагы Кувейттин атуулдарын эвакуациялоо үчүн бөлүнгөн 5 учактан алгачкысы 130 жүргүнчүсү менен бирге өлкөгө кайтты.

Түштүк Кореяда болсо жугуштуу оорудан таасир алгандардын саны 602ге жетти.

Ушул убакка дейре 5 киши каза болгон өлкөдө, тревога деңгээли эң жогорку деңгээлге көтөрүлдү.

Мамлекет башчысы Мун Чже Ин, Ковид-19 эпидемиясы менен күрөшүү үчүн алдыдагы бир канча күндүн абдан маанилүү экенин белгилеп, өкмөттүн тревога деңгээлин «кызылга» жогорулаткандарын жана чара көрүүлөрдү күчөткөндөрүн жарыялады.

Израиль, Түштүк Кореянын борбор калаасы Сеулдан учак менен кеткен орто эсеп менен 200 кишинин Тель-Авивдеги «Бен Гурион» аэропортуна кирүүсүнө уруксат берген жок.

«Жерузалем пост» гезитинин кабарына караганда ошол эле учак менен келген 12 израилдиктин болсо тез жардам унаалары менен үйлөрүнө жеткирилди.

Индияда да жаңы типтеги коронавирустун жайылуусунун алдын алуу иш аракеттеринин алкагында атуулдарынан Сингапурга керектүү болбогон саякаттарга чыкпоо талап кылынды.

Жаңы типтеги коронавирустунтун жалпы дүйнөдө жайылган жуккан киши саны 79 миңге жетти.

Кытай басма сөзү вирустун личинкадан чыгуу мөөнөтүнүн 27 күнгө жете турганын алдыга койду.

Ухань шаарындагы бир оорукчанда вирустун личинкадан чыгуу мөөнөтүнүн 27 күн деп белгилегнгени маалымдалды.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму эл аралык коомчулукка чакырык салып, вирус жайылган өзгөчө саламаттык сактоо системасы начар болгон өлкөлөрдө колдонулушу үчүн 675 миллион доллардык жардам берилишин талап кылды.

 



Тектеш кабарлар