Гаитиде полиция менен аскерлердин ортосунда кагылышуу чыкты
Гаитиде иштөө сааты жана төмөн болгон айлыкка каршы чыккан полициялардын аскерлер менен кагылышуусунда 2 киши каза болду.
1365166
Гаитиде иштөө сааты жана төмөн болгон айлыкка каршы чыккан полициялардын аскерлер менен кагылышуусунда 2 киши каза болду.
Гаити армия командирлигинен берилген маалыматта борбор шаар Порт-о-Пренсте бир группа полициянын аскерлерге ок аткандыгы белгиленип, чыккан кагылышууда бир полиция жана бир аскердин каза болгондугу билдирилди.
Куралдуу кол салууда эң аз 8 кишинин жаралангандыгы белгиленген маалыматта жаралуулардын жакын жерлердеги ооруканаларда дарыланып жаткандыгы билдирилди.
Гаити өкмөтү митингдеги окуяларды айыптап, булардын эркиндик жана демократияга каршы кол салуу мүнөзүндө экендигин айтты.