Украинада Ухандан эвакуациялангандарга каршы митинг болду

Ухандан 72 киши Украинага эвакуацияланды.

1363997
Украинада  Ухандан эвакуациялангандарга каршы митинг болду

Украинада жаңы тип коронавирус Ковид  - 19 эпидемиясынан улам Кытайдын Ухань шаарындагы украиналыктардын өлкөгө алып барылышына каршы митинг болду.

Украина басма сөзүндө  чыккан кабарларга караганда 72 киши Ухандан учак менен Украинанын Харьков шаарына алып барылды. Алардын ичинен 45 киши украиналык, 27 киши  чет элдик.

72 эки киши аэропорттон 7 автобус менен Полтава аймагындагы Новые Санжары шаарындагы бир саламаттык сактоо борборуна бара жатканда бир группа украиналык автобустардын шаарга киришине тоскоол болууга аракет кылды.

Коронавирустун жугушунан тынчсызданышкандарын белгилеген митингчилер автобустарга таш ыргытышты. Митингге чыккандар менен полициянын арасында кагылышуу чыкты.

Окуя болгон жерге барган ички иштер министри Арсен Аваков чыккан кагылышууда 10 полициянын жаралангандыгын белгилеп, саламаттык сактоо борборунун тегерегинде коопсуздук чараларынын көрүлгөндүгүн айтты.

Саламаттык сактоо министри Зорина Скалецка да фейсбук эсебинен берген маалыматта эвакуациялангандардын эки жума карантинде болорун, өзү да аларды коштой тургандыгын  билдирди.

Эвакуациянын Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун стандарттарына ылайык түрдө жүргүзүшкөндөрүн баса белгилеген Скалецка : «Бул кишилер биздин мекендештерибиз, чет элдик эмес. Бир өлкөдө жашап жатабыз жана алардын саламаттыгы жана коопсуздугуна көңүл бурушубуз керек»,- деди.



Тектеш кабарлар