Украинадан Крым тууралуу чакыруу

Украинанын тышкы иштер министри Вадим Пристайко  эл аралык коомду Крымдын басып алынышы тууралуу Орусияга кысым жасоого чакырды.

1363795
Украинадан Крым тууралуу чакыруу

Украинанын тышкы иштер министри Вадим Пристайко  эл аралык коомду Крымдын басып алынышы тууралуу Орусияга кысым жасоого чакырды.

Пристайко БУУнун Башкы Ассамблеясында  Украинанын чыгышындагы абалдар каралган отурумга катышкандан кийин массалык маалымат каражаттарына маалымат берди.

Вадим Пристайко : «Эл аралык кысым болбостон Украина Орусиянын кол салуусун токтото албайт. Эл аралык колдоо жана кысым болбосо Крым маселеси унутулат»,- деди.

Украинада 2014 -  жылы Орусия жактоочусу башкарууга каршы батыш жактоочусу башкаруунун бийликке келишинен кийин Орусия Крымды мыйзам тышы аннекция кылган жана Украинанын  чыгышындагы орустар көп жашаган Донецк жана Луганск аймагында көтөрүлүшчүлөр башкарууга каршы күрөш баштаган.

Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында ок атышпоонун түзүлүшүн, оор жана жеңил куралдардын тапшырылышы менен туткундардын эркин коё берилишин күткөн Минск Келишими түзүлгөн. Бирок эреже бузуулардан улам ок атышпоо түзүлө алган эмес.

 



Тектеш кабарлар