НАТОдон Түркияга колдоо

Түндүк Атлантика Келишими Уюму Түркиянын союздаштыкка кошкон салымдарын баяндаган бир клип жарыялады.

1363266
НАТОдон Түркияга колдоо

Түндүк Атлантика Келишими Уюму Түркиянын союздаштыкка кошкон салымдарын баяндаган бир клип жарыялады.

НАТОнун расмий твиттер эсебинен жарыяланган клипте аскердик реактив учкучу Эсра Өзатайдын айтуусу боюнча Түркиянын союздаштыкка кошкон салымы  чагылдырылды.

«НАТО орток баалуулуктардан турган бир үй  - бүлө. Тынчтык жана ырааттуулук үчүн создаштарыбыз менен бирдиктебиз. Түркия НАТО. Биз НАТОбуз» деген темада жарыяланган клипте түрк коопсуздук күчтөрүнүн көрүнүштөрүнө да орун берилди.

Клипте  Өзатай : «Союздаштар катары орток баалуулуктарды бөлүшүүдөбүз. Бул баалуулуктарды бири бирибизди коргоо үчүн бирдикте кыймыл кылабыз. НАТОго болгон колдообуз Түркиянын союздаштыкка кошулган 1952 -  жылга таянат. НАТОнун кыймылдарына эң көп салым кошкон өлкөлөрдүн бирибиз. Союздаштыктагы биринчи аял реактив учкучу Леман Бозкурт Алтынчекичтин түрк болушунан улам сыймыктанабыз»,- деди.

НАТОнун ар бир мүчөсүнүн тең укуктуу, сөз ээси экендигине көңүл бурулган  клипте чечимдердин бирге чыгарылгандыгы баса белгиленди жана : «Бирдикте дагы күчтүүбүз жана коопсуз болобуз »,- деген кабар берилди.



Тектеш кабарлар