Японияда карантинге алынган кемедеги эки жүргүнчү дагы каза болду

Япон маалымат агенттиги Киодонун кабарына караганда сексен жаштардагы бир аял жана бир эркек киши каза болду.

1363064
Японияда карантинге алынган кемедеги эки жүргүнчү дагы каза болду

Японияда коронавирустан улам карантинге алынган жүргүнчү кемедеги эки жүргүнчү каза болду.

Япон маалымат агенттиги Киодонун кабарына караганда ичиндеги 500дөн ашуун кишиде жаңы тип коронавирус чыккан “Diamond Princess" кемесинде жүргүнчү болгон сексен жаштардагы бир аял жана бир эркек киши каза болду.

Каза болгон жүргүнчүлөрдүн күбөлүгү тууралуу кенен маалымат берилбестен Японияда бул вирустан каза болгондордун саны үчкө жетти.

Өлкөдө Канагава аймагында сексен жаштардагы бир аял Ковид  - 19 жол ачкан пневмониядан улам өткөн жумада каза болгон.

Борбор шаар Токио жакындарындагы Йокохама портунда 4 -  февралда карантинге алынган жана ичинде 3500дөн ашуун киши болгон “Diamond Princess" аттуу жүргүнчү кемеде  текшерүүдө негатив натыйжа чыккан жүргүнчүлөр эвакуациялана баштаган.



Тектеш кабарлар