Орусиянын тышкы иштер министрлиги маалымат берди

Орусиянын тышкы иштер министрлиги түрк жана орусиялык делегациялардын борбор шаар Москвада Идлиб тууралуу сүйлөшүүлөрүнөн кийин жазуу түрүндө маалымат берди.

1362299
Орусиянын тышкы иштер министрлиги маалымат берди

Орусия Түркия жана Орусия делегацияларынын Сириянын Идлиб аймагы тууралуу өткөргөн сүйлөшүүлөрдө эки тараптын тең адамзаттык абалды жеңилдетүү үчүн учурдагы келишимдерге баш ийүүнү тактагандыгын билдирди.

Орусиянын тышкы иштер министрлиги түрк жана орусиялык делегациялардын борбор шаар Москвада Идлиб тууралуу сүйлөшүүлөрүнөн кийин жазуу түрүндө маалымат берди.

Маалыматта эки өлкө делегацияларынын 17 – 18 -  февралда өткөн сүйлөшүүсүндө Идлибдеги тирешүүнүн негизинде Сирияда аянттагы абалдын кенен түрдө сүйлөшүлгөндүгү белгиленди.

«Эки тарап тең террор менен күрөшүүнү улантып, араздашууну азайтуу жана адамзаттык абалды жеңилдетүү үчүн керектүү чараларды көргөн келишимдерге баш ийүүнү тактады. Сүйлөшүүдө Идлиб жана Сириянын башка аймактарында узун мөөнөттүү коопсуздук жана ырааттуулуктун түзүлүшүнүн өлкөнүн эгемендиги, көз карандысыздыгы, биримдиги, жеринин бүтүндүгүнүн негизинде мүмкүн экендиги баса белгиленди»,- деп бидирилди.

 



Тектеш кабарлар