Кытайда коронавирустан каза тапкандардын саны 2 миңден ашты

Коронавирустан дарыгерлер да жабыркап жатат.

1362146
Кытайда коронавирустан каза тапкандардын саны 2 миңден ашты

Кытайда жаңы типтеги коронавирус (Covid-19) эпидемиясынын себебинен каза тапкандардын саны 2 миң 5 кишиге жетти.

Кытайдын Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынын билдирүүсүнө караганда, өлкөдө вирусту жуктургандардын саны 11 миң 977синин абалы оор жалпы 74 миң 185 кишиге жетти. 

Кытайдын мамлекеттик телеканалы, Ухань ооруканасынын башкы дарыгери Лю Чжиминдин коронавирустан каза тапканын билдирди.

Айдын башында коронавирусту дүйнөгө кабарлаган доктор Ли Вэньлян, бейшемби күнү болсо бир оорукананын мурунку директору Ху Депу вирустун себебинен каза табышкан болчу.

Бир тараптан БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш Covid-19дагы абалдын учурда көзөмөлдө экенин, бирок медициналык системасы өнүкпөгөн Африка өлкөлөрүнө жайылып кетүү коркунучуна тынчсызданып жаткандарын айтты.

Баш катчы: «Коркунучтун деңгээли өтө чоң жана дүйнө жүзү катары буга даяр болушубуз керек. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, ушундай жагдайга каршы кандай чара көрө турганы боюнча иштеп жатат»,-деди.  



Тектеш кабарлар