Вьетнамда да Kovid-19 вирусу чыкты

Вьетнамда Винь Пхук аймагында 10 миңге жакын киши жашаган аймак карантинге алынды.

1359013
Вьетнамда да  Kovid-19 вирусу чыкты

Вьетнамда жаңы тип коронавирус (Kovid-19) эпидемияга каршы чара көрүү максатында Винь Пхук аймагында 10 миңге жакын киши жашаган аймак карантинге алынды.

VNExpressтин кабарына караганда Вьетнамдын борбор шаары Ганоиге 50 километрдик алыстыкта жана 10 миңден ашуун киши жашаган айылдар болгон Сон Лои аймагында 7 кишиден Kovid-19 вирусунун чыгышынан  кийин кирип  чыгууларга жабылды.

Винь Пхукта жетекчилер шейшемби күнү 3 айлык бир бөбөктө вирустун чыгышы менен аймакта бүгүндөн баштап 14 күндүк карантинге алынды.

Жетекчилер Сон Лоиде Kovid-19 вирусу жуккан оорулууларда өсүүнүн болушунан улам текшерүү жерлеринин санынын да арттырылгандыгы жана карантиндеги аймакта жашаган 10600дөн ашуун киши үчүн тамак  - аш жана акысыз маскалардын берилгендиги, көчүп жүрүүчү дүкөндөрдүн курулгандыгы билдирилди.

Аймактагы мектептерде 23 -  февралга чейин билим берүү токтотулат.

Бир тараптан  Vietnam Insiderиндин  кабарына караганда Сон Лоиде вирус ташыган оорулуулардын бирөөсүнүн атасында Kovid-19 вирусунун аныкталышы менен өлкөдөгү оорулуу саны 16га жетти.



Тектеш кабарлар