В. Путин менен Жузеппе Конте Ливия кризиси тууралуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө Ливиядагы абалдын жакшырышы тууралуу биргеликте иштердин жүргүзүлүшүнүн мааниси белгиленди.
1358321
Орусиянын президенти В. Путин Италиянын премьер - министри Жузеппе Конте менен Ливия кризисине байланыштуу телефон аркылуу сүйлөштү.
Кремлден берилген маалыматта Путиндин Конте менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Ливия кризисинин каралгандыгы белгиленип : "Путин БУУнун Коопсуздук Кеңешинин арачылыгы менен Ливия маселесинин чечилишине байланыштуу параметрлер аркылуу Ливиядагы тараптар менен макулдашуу керектигин баса белгиледи",- деп билдирилди. Сүйлөшүүдө Ливиядагы абалдын жакшырышы тууралуу биргеликте иштердин жүргүзүлүшүнүн мааниси белгиленди.